COVID-19 жана балдар: Казакстандагы кырдаал

COVID-19 жана балдар: Казакстандагы кырдаал

Коронавирустук инфекциянын таралышы башталгандан бери Казакстанда илдетти жуктуруп алган 2500 ашуун бала катталды, алардын 111 жаңы төрөлгөн балдар. Ошол эле учурда, балдардын 80% жакынында COVID-19 белгилери жок жана жеңил түрүндө өткөн. Ал эми калган 20% орто жана оор абалда болгон. Адистердин айтымында, булар негизинен өнөкөт оорулары бар балдар. Андыктан ал ооруну күчөткөн. Бактыга жараша балдар арасында көз жумуу фактысы катталган жок. Бул тууралуу брифингде Педиатрия жана балдар хирургиясы Илимий борборунун башкармалыгынын төрайымы  Риза Боранбаева билдирди.

«2020-жылдын чын куран, бугу айларында COVID-19 оорусу жогору болгон өлкөлөрдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандан кийин COVID-19 илдети менен синдрому окшош жаңы оору каттала баштады. Аталган оору иммунологиялык кубулуш жана ал КВИ жуккандан кийин болот. Бул патология - бейтаптардын канында антителолор табылгандыгы менен тастыкталган, COVID-19 илдетинен кийинки 3-5 жумадан кийин балдарда пайда болгон инфекциялык синдром», - деп түшүндүрдү баяндамачы.

Боранбаеванын айтымында, бул синдром жапон дарыгеринин аты менен аталган ооруга окшош клиникалык окшоштукка ээ, бирок айрым айырмачылыктар бар. Эң башкысы - ооруга жаш өспүрүмдөр менен 21 жашка чейинки жаштар чалдыгат. Боранбаева белгилегендей, бүгүнкү күндө кавасаки синдрому менен 16 бала ооруганы белгилүү. Алардын тең жарымы айыгып чыкса, калгандары көп тармактуу балдар ооруканаларында дарыланууда. Адистин айтымында, мындай учурда эрте диагноз коюу жана өз убагында медициналык жардам көпчүлүк учурда баланын оңолушуна жана айыгып кетишине алып келет.

 

Фото: coronavirus2020.kz