Казакстанда коронавирус илдети менен ооруган дарыгерлерди калыбына келтирүү өнөктүгү башталды

Казакстанда коронавирус илдети менен ооруган дарыгерлерди калыбына келтирүү өнөктүгү башталды

«Казакстан туризми - Казакстан дарыгерлери үчүн» акциясынын алкагында коронавирусту жуктуруп алган дарыгерлер үчүн ата мекендик пансионаттарда эс алуу уюштуруу. Бул демилге өткөн жумада Алматы шаарында туризм жаатындагы коомдук жана мамлекеттик уюмдардын жетекчилеринин жолугушуусунда көтөрүлгөн. Натыйжада Евразия туризм ассоциациясы менен Улуттук курорттор ассоциациясынын жетекчилиги ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ушул негизде тараптар биргелешип, өлкөдө медициналык жана санаторий туризмин гана өнүктүрбөстөн, ошондой эле, илдет жуктурган бейтаптарды жана медициналык кызматкерлерди калыбына келтирүү маселелерин чечүүгө ниеттенишүүдө.

Казакстандын Улуттук санаторийлер ассоциациясынын вице-президенти Марат Шалов ак халатчандарды реабилитациялоо маселесин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Коронавирустук инфекциясы менен күрөшүүдө алдыңкы катарда жүргөн көптөгөн дарыгерлер жана медицина кызматкерлери жабыр тартты. Бул өлкөдө медициналык кадрлардын жетишсиздигин ого бетер күчөттү. Эпидемиядан айыккан дарыгерлер санаторийлерде калыбына келтирилиши керек деп эсептейбиз. Айрыкча, оор учурларда дарыгерлерибизге кам көрүү керек. Бизге реабилитациялоо боюнча атайын программа зарыл. Бул социалдык көйгөйдү чечүү үчүн мамлекеттик социалдык медициналык камсыздандыруу фондунун колдоосу керек. Биз аны тез арада уюштурууга тийишпиз», - деди Марат Шалов.

Адистин пикиринде, дарыгерлерди ички санаторийлерге, мисалы, күз жана кыш мезгилдеринде жөнөтсө болот. Келечекте ассоциация 145 ата мекендик санаторийди текшерүүдөн өткөрүүнү мерчемдеп жатат.

«Бизде дарылоо максатында иштеп жаткан санаторийлердин тизмеси жок. Бул дарыгердин бейтапты андан ары калыбына келтирүүгө жиберүү үчүн керек. Учурда биз Казакстандын улуттук компаниясы менен туризмди көзөмөлдөө жана пансионаттарды изилдөө боюнча келишим түздүк. Мисалы, климаттык жана бальнеологиялык санаторийлер бар, аларды категорияларга бөлүп, керектүү шаймандар менен камсыздалышын изилдөө керек», - деп билдирди серепчи.

Ата мекендик туризм тармагы COVID-19 вирусуна каршы күрөшкөн дарыгерлерди колдой алабы же жокпу азырынча белгисиз. Бирок демилгени ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү тиешелүү органдар тарабынан каралууда.

 

Фото: almaty.tv