ДССУ: 5 жашка толо элек балдардын беткап тагуусу милдеттүү эмес

ДССУ: 5 жашка толо элек балдардын беткап тагуусу милдеттүү эмес

Беш жашка чейинки балдарга беткап тагынуу милдеттүү эмес. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жана БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) билдирди. Бул алардын коопсуздугу жана беткапты туура тага албай турганына байланыштуу экенин адистер билдирет.

Уюмдун адистеринин айтымында, 6-11 жаштагы балдарга беткап тагынуу жөнүндө чечим баланын жашаган жеринде инфекция кандайча жайылып жаткандыгын жана баланын беткапты коопсуз, туура колдоно ала тургандыгын эске алуу менен кабыл алынышы керек.

ДССУ жана ЮНИСЕФ 12 жаш жана андан улуу балдарга чоңдор сыяктуу бирдей шарттарда, айрыкча инфекция кеңири жайылган жерлерде, баланын айланасындагылар менен кеминде  бир метр алыстыкты камсыз кылууга ​​болбой турган учурда беткап тагынууну сунуштайт.

Ошондой эле, ДССУ беткаптардын жеткиликтүүлүгү жана аларды кандайдыр бир шарттарда,  мисалы, мектепте же балдар мекемелеринде жууп туруу жана алмаштыруу мүмкүнчүлүгү эске алынышы керек деп эсептейт.

Белгилей кетсек, учурда дүйнөдө 23 миллион 358 миң адам бул илдетке чалдыккан, алардын 807 миңден ашыгы көз жумган.

 

Фото: ratel.kz