92 миң 598 казакстандык коронавирустан айыгып чыкты

92 миң 598 казакстандык коронавирустан айыгып чыкты

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан дагы 1450 адам айыгып чыкты. Ошентип коркунучтуу инфекциядан айыккандардын жалпы саны 92 миң 598 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 саат ичинде өлкөдө 175 адамга COVID-19 диагнозу коюлган. Анын ичинде клиникалык белгилери жок 68 бейтап аныкталды. Илдет жуктуруп алгандардын эң көп саны Чыгыш Казакстан облусунда - ал жерде 28 адам. Андан кийин Караганды (+20) жана Атырау (+15) облустары турат. Борбор калаа Нур-Султанда 8 адамдан инфекция аныкталды. Жалпы өлкө боюнча бейтаптардын саны 104 миң 718 адамды түздү.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан - 13738 (+8)

Алматы - 14084 (+12)

Шымкент - 5165 (+1)

Акмола облусу - 3331 (+14)

Актөбе - 3199 (+5)

Алматы облусу  - 4875 (+7)

Атырау  - 10833 (+15)

Чыгыш Казакстан облусу - 8007 (+28)

Жамбыл - 4057 (+6)

Батыш Казакстан - 6690 (+13)

Караганды - 9958 (+20)

Костанай - 3346 (+10)

Кызылорда  - 3227 (+1)

Маңгыстау  - 3315

Павлодар  - 3777 (+13)

Түндүк Казакстан - 3861 (+12)

Түркестан - 3255 (+10).

Мындан тышкары, өткөн суткада коронавирустук инфекция белгилери бар пневмониянын 84 учуру жана 2 өлүм катталды. 823 адам дарыланып чыкты.

Баш оона айынын 1-күнүнөн бери ооруга чалдыккандардын жалпы саны 22 миң 444 кишини түзүп, каза болгондор 258, ал эми сакайгандардын саны 4519 адамга жетти.

 

Фото: eadaily.com


×