Адистердин кеңеши: карантинден кийин КВИ жуктуруп алуу коркунучун кантип азайтууга болот?

Адистердин кеңеши: карантинден кийин КВИ жуктуруп алуу коркунучун кантип азайтууга болот?

Мамлекеттик комиссия менен Өкмөт карантинди жеңилдетүү тууралуу чечим кабыл алганына карабастан, Саламаттык сактоо министрлигинин адистери жарандарды коопсуздук чараларын сактоону унутпоого чакырууда. Бул кырдаалдын андан ары турукташуусуна кепилдик, дешет алар. 

«Мүмкүн, азыр көпчүлүк катаал карантинди жеңилдетүү чечими чыккандан кийин ошого сүйүнүп, соода жана оюн-зоок борборлоруна, дүкөндөргө, сулуулук салондоруна, конокко, тойканаларга барууда.  Деген менен өлкөдө вирус толугу менен жоюла элек. Ошондуктан мурункудай жашоого өтүү азырынча эртелик кылат. Беткаптар, санитайзерлер, ошондой эле, социалдык аралыкты сактоо күнүмдүк жашоодогу милдеттүү атрибуттарга айланууга тийиш», - дейт Казакстан Республикасынын Коомдук саламаттык сактоо улуттук борборунун коомдук саламаттыкты чыңдоо борборунун башчысы Жазира Егембердиева.

Калктын жигердүүлүгүнө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги көчөдө жүрүүгө, сейил бактарга, гүлзарлар менен суу жээктерине барууга чектөөлөрдү киргизип, коомдук транспорттордо беткап режимин катуу сактоо талаптарын койгон. Өз кезегинде дарыгерлер да эпидемияга каршы негизги чараларды унутпай сактоо маанилүү милдеттердин бири экенин эске салууда.

«Социалдык аралыкты сактоо, ал 1,5-2 метрден кем эмес болууга тийиш, колду бат-баттан 20 секунддан аз эмес убакыт жууп туруу, санитайзерлер менен тазалоо, адамдар көп чогулуучу жерлерде жана жабык мекемелерде беткапты милдеттүү түрдө тагынуу керек. Ошондой эле, иммунитетти чыңдоо, саламаттуу жашоо образын кармануу жана витаминдерди ичүү сунушталат. Бул оорунун алдын алуунун эң эффективдүү чаралары», - дейт Жазира Егембердиева.

Аны менен катар, адистин айтымында, алдыда күтүлүп жаткан күз-кыш эпидемиологиялык мезгилинде курч респиратордук вирустук инфекциялар менен сасык тумоо COVID-19 илдетинин таралуусун өрчүтүп жиберүүсү мүмкүн. Ошондуктан тогуздун айында мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүш керек. Толук маалыматты жергиликтүү ооруканалардан сурап билүүгө болот.

Ал эми турак-жай менен кеңселерди дезинфекциялоодо дарыгерлер тез-тезден тазалоо иштерин кылып турууга кеңеш берет. Анан да имараттын ичин желдетип туруу керек. Эгер бул чаралар аткарылып турса, аз да болсо илдеттин алдын алууга мүмкүн болот.

 

Фото: gazeta.ru


×