Дагы 1470 казакстандык коронавирус илдетинен айыкты

Дагы 1470 казакстандык коронавирус илдетинен айыкты

Казакстанда бир сутка ичинде 1470 адам коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты. Ошентип өлкө боюнча айыгып чыккандардын саны 87 920 адамды түздү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы бир суткада кооптуу илдет 256 адамдан аныкталды. Алардын ичинен клиникалык белгилери жок 103 киши катталган. Өлкөдө бейтаптардын жалпы саны 104071 адамга жетти.

Өлкө аймактарындагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан шаары - 13686 (+8)

Алматы - 13994 (+32)

Шымкент - 5159 (+4)

Акмола облусу - 3296 (+14)

Актөбе - 3187 (+6)

Алматы облусу - 4857 (+9)

Атырау  - 10786 (+18)

Чыгыш Казакстан облусу - 7921 (+31)

Жамбыл - 4034 (+8)

Батыш Казакстан - 6646 (+17)

Караганды  - 9894 (+22)

Костанай - 3315 (+12)

Кызылорда - 3222 (+6)

Маңгыстау - 3293 (+8)

Павлодар - 3735 (+33)

Түндүк Казакстан - 3822 (+14)

Түркестан- 3224 (+14).

Акыркы сутка ичинде 723 адамга коронавирустук инфекция белгилери бар пневмония диагнозу коюлган. Мындай диагноз менен жалпы 2139 адам дарыланып, 6 бейтап көз жумду.

Баш оона айынын 1-күнүнө карата бейтаптардын жалпы саны 21264, каза болгондор 243, ал эми айыгып чыккандар саны 2139 болду.

 

Фото: baigenews.kz