Казакстанда КВИ менен ооругандардын саны 103 миң 815 кишиге жетти

Казакстанда КВИ менен ооругандардын саны 103 миң 815 кишиге жетти

Өткөн суткада дагы 164 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ошентип коркунучтуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 86 миң 450 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинин 244 учуру аныкталды. Алардын арасындагы 110 кишиде оорунун клиникалык белгилери жок экени тастыкталды. Оорулуулардын эң көп саны Нур-Султан шаарында - ал жерде 38 адам. Андан кийин Чыгыш Казакстан облусунда (+27) жана Алматы шаарында (+24) катталды. Өлкөдө КВИ жуктуруп алгандардын жалпы саны 103 миң 815 адамга жетти.

Аймактагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан шаары - 13678 (+38)

Алматы - 13962 (+24)

Шымкент - 5155

Акмола облусу - 3282 (+17)

Актөбе - 3181 (+6)

Алматы облусу - 4848 (+4)

Атырау  - 10768 (+20)

Чыгыш Казакстан облусу - 7890 (+27)

Жамбыл - 4026 (+8)

Батыш Казакстан - 6629 (+18)

Караганды  - 9872 (+25)

Костанай - 3303 (+13)

Кызылорда - 3216 (+1)

Маңгыстау - 3285 (+7)

Павлодар - 3702 (+3)

Түндүк Казакстан - 3808 (+16)

Түркестан - 3210 (+17).

Мындан тышкары, акыркы бир суткада коронавирустук инфекциянын белгилери бар пневмонияга чалдыгуунун 787 учуру жана 6 өлүм катталды.

Баш оона айынын 1-күнүнөн баштап бейтаптардын жалпы саны 20 миң 541 адамды, каза болгондордун саны 237 түздү.

 

Фото: astrakhan.su