Казакстанда беткап өндүрүшүнүн стандарты бекитилет

Казакстанда беткап өндүрүшүнүн стандарты бекитилет

Казакстанда медициналык беткаптар жана башка жеке коргонуу каражаттары мамлекет тарабынан бекитилген атайын стандартка ылайык өндүрүлүп баштайт. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Маминдин Караганды облусуна жумушчу сапарынын алкагында өткөн ата мекендик фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча жыйынында айтылды. Андан сырткары, Премьер-министр Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигине бизнес коомчулугунун көз карашын эске алуу менен фармацевтика тармагын өнүктүрүү программасын иштеп чыгып, долбоорду ушул жылдын аяк оона айында сунуштоону тапшырды.

Кеңеште айтылган маалыматка ылайык, ушул жылдын 7 айында ата мекендик фармацевтикалык компаниялардын өндүрүш көлөмү 23,2% көбөйүп, 70,2 миллиард теңгеге чейин артты. Казакстандын фармацевтикалык индустриясынын өсүү темпи Алматы, Шымкент шаарлары менен Алматы, Караганды облустарында байкалат. Бүгүнкү күндө тармакта 96 ишкана иштейт, алардын ичинен 33 дары-дармек чыгарат,  41 завод медициналык шаймандарды өндүрсө, 22 медициналык шаймандарды кураштырат. Индустриялаштыруу картасы алкагында инвестициялык 62,9 миллиард теңге суммасындагы 41 долбоор ишке киргизилип, 5 миң жаңы жумуш орундары түзүлдү.

«Казакстандын фармацевтика индустриясынын өнүгүү мүмкүнчүлүгү зор. Негизги милдет - жетиштүү корлордун жана номенклатурасынын кеңейишин камсыз кылуу менен дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы шаймандардын ата мекендик өндүрүшүн стимулдаштыруу. Сапаттуу медициналык буюмдар өлкөнүн калкы үчүн жеткиликтүү болушу керек», — деди А. Мамин.

Ошондой эле, Премьер-министр медициналык беткаптарды жана башка жеке коргонуу шаймандарын өндүрүү стандарттарын бекитүүнү тапшырды. Саламаттык сактоо министрлигине СК-Фармация менен бирдикте медициналык уюмдарда дары-дармек каражаттарынын болушун мерчемдөө механизмдерин кайра карап чыгуу, дары-дармек каражаттарын каттоого талаптарды оптималдаштыруу, ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн сатып алуулардын көлөмүн болжолдоо тутумун киргизүү тапшырылды.

 

Фото: iz.ru