Карантин уланууда: дүйнөдө кайсы өлкөлөрдө эрежелер сакталып жатат?

Карантин уланууда: дүйнөдө кайсы өлкөлөрдө эрежелер сакталып жатат?

Латын америкалыктар дүрбөлөңгө түштү: Аргентина тургундары карантин талаптарына каршы. Алар өздөрүнүн нааразычылыктарын билдирүү үчүн көчөгө чыгышты. Төрт айдан бери колдонулуп келе жаткан чектөөлөр баш оона айынын аягына чейин күчүндө болот. Джонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматтарына ылайык, Аргентинада коронавируска чалдыккан адамдардын саны 300 миңден ашат.

Франциянын тургундары санитардык талаптарды кылдаттык менен аткаргандардын катарында болушту. Оорунун жайылышын алдын алуу үчүн бардык тургундарга беткап тагынуу милдеттендирилди. Мындай чечим бийлик тарабынан ишкердик бирликтер менен макулдашылып жатып кабыл алынды. Чектөө аяк оона айынын 1-күнүнөн тарта күчүнө кирет.

Түштүк Кореяда вирус жуккан адамдардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу коомдук иш-чараларга тыюу салынып, барлар жана караокелер жабылды. Учурда өлкөдө 16 миңден ашык KВИ учуру катталган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктурган адамдардын саны 22 миллион 148 миңден ашты. 780 миңден ашык бейтап бул оорудан көз жумду. Коронавирусту 5 миллион 480 миң адам жуктурган АКШ анти-рейтингдин сап башында. Андан кийин Бразилия, мында 3 407 354 бейтапка коронавирус диагнозу коюлган. Үчүнчү орунда  2 767 253 учур менен Индия, андан кийинки орунда Орусия, Түндүк Америка, Перу, Мексика, Колумбия, Чили жана Испания турат.

 

Фото: osnmedia.ru


×