Казакстандык QazCovid вакцинасы клиникага чейинки изилдөөдөн өттү

Казакстандык QazCovid вакцинасы клиникага чейинки изилдөөдөн өттү

Дары-дармектерге жана медициналык шаймандарга талдоо жүргүзүү улуттук борборунун Алматы облустук бөлүмүнүн фармакологиялык сыноо лабораториясынын базасында COVID-19 (QazCovid-in®) илдетине каршы казакстандык активдүү эмес вакцинаны клиникага чейинки изилдөө аяктады.

Борбордун кабарлашынча, жаныбарларга вакцинанын күчөтүлгөн дозасын сайып,  анын коопсуздугу менен таасири дыкат текшерилди. Аны менен катар, аталган изилдөө алкагында ата мекендик вакцинанын организмге аллергиялык реакциясы менен ууландыруучу таасиринин жок экени аныкталды. Жалпысынан изилдөө ыкмаларынан башка, вакцинанын коопсуздук деңгээли кандын гематологиялык жана  биохимиялык көрсөткүчтөрү менен тастыкталды. Вакцинанын жаныбарлардын организмине таасири да бааланды.

«Жаңы вакцинанын натыйжалуулугу менен коопсуздугун толук баалап, казакстандыктарды эмдөө үчүн андан ары кеңири масштабдуу клиникалык изилдөөлөр кажет. Изилдөөнүн бардык этабы өткөрүлгөндөн кийин гана вакцинанын коопсуздугу тууралуу айтууга болот», - дейт дарылык заттар менен медициналык буюмдарды талдоо улуттук борборунун Алматы фармакологиялык сынама лабороториясынын негиздөөчүсү Валентина Шнаукшта.

Бардык сынамалар Дарылык заттар менен медициналык буюмдарды талдоо улуттук борборунун жаныбарканасында эксперименттик жаныбарларга жасалды.

Фармакологиялык изилдөөлөр лабороториясы – эл аралык аккредиттөө мартабасына ээ жана Казакстандагы биоэквиваленттүү изилдөө жүргүзө турган жалгыз лаборотория.

Эске сала кетсек, буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму казакстандык илимпоздордун эмгегин өзүнүн расмий сайтында каттап, аны клиникага чейинки изилдөөгө уруксат берилген COVID-19 илдетине каршы вакцинанын  тизмесине кошкон.

Ата мекендик активдүү эмес вакцинаны РКнын БГМ Илимий комитетинин Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү илимий-изилдөө институтунун кызматкерлери иштеп чыкты. Мекеменин маалымдашынча, ал Казакстандагы бейтаптардан бөлүнгөн вирус штаммы негизинде жасалган.


×