Казакстанда 86 миңден ашык киши коронавирус илдетинен айыкты

Казакстанда 86 миңден ашык киши коронавирус илдетинен айыкты

Өткөн суткада дагы 181 адам коронавирустан айыгып чыкканы кабарланды. Ошентип коркунучтуу инфекциядан аман калгандардын саны 86 миң 286 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 саат ичинде өлкөдө 271 адамга COVID-19 диагнозу коюлду. Алардын ичинен 148 кишиде оорунун клиникалык белгилери жок. Бейтаптардын эң көп саны Чыгыш Казакстан облусунда - ал жакта 30 адам катталды. Андан кийин Батыш Казакстан облусу (+28) менен Нур-Султан шаары (+27) турат. Жалпы өлкө боюнча бейтаптардын саны 103 миң 571 адамды түздү.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан шаары - 13640 (+27)

Алматы - 13938 (+22)

Шымкент - 5155 (+3)

Акмола облусу - 3265 (+16)

Актөбе - 3175 (+5)

Алматы облусу - 4844 (+16)

Атырау  - 10748 (+17)

Чыгыш Казакстан  - 7863 (+30)

Жамбыл - 4018 (+9)

Батыш Казакстан - 6611 (+28)

Караганды - 9847 (+27)

Костанай - 3290 (+14)

Кызылорда  - 3215 (+2)

Маңгыстау  - 3278 (+8)

Павлодар  - 3699 (+7)

Түндүк Казакстан - 3792 (+18)

Түркестан - 3193 (+22).

Аны менен катар, өткөн суткада коронавирустук инфекция белгилери бар пневмонияга чалдыгуунун 1081 учуру жана 11 адам курмандыгы катталды.

Баш оона айынын 1-күнүнөн баштап ооругандар – 19 миң 754, каза тапкандар - 231 болду.

 

Фото: ctu.kz