Коронавирус инфекциясынан айыгып чыккандардын саны 84 миңден ашты

Коронавирус инфекциясынан айыгып чыккандардын саны 84 миңден ашты

Өлкөдө өткөн сутка ичинде дагы 1668 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 84 миң 445 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 саат ичинде Казакстанда 267 COVID-19 учуру аныкталды. Алардын арасындагы 123 кишиде оорунун клиникалык белгилери жок. Бейтаптардын эң көп саны Алматыда - 39 адам. Андан кийин Нур-Султанда (+35) жана Чыгыш Казакстан облусунда (+30) катталган. Өлкөдө бейтаптардын жалпы саны 103 миң 300 адамды түзөт.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан - 13613 (+35)

Алматы - 13916 (+39)

Шымкент  - 5152 (+2)

Акмола облусу - 3249 (+13)

Актөбе - 3170 (+3)

Алматы облусу - 4828 (+5)

Атырау  - 10731 (+14)

Чыгыш Казакстан облусу - 7833 (+30)

Жамбыл - 4009 (+10)

Батыш Казакстан  - 6583 (+22)

Караганды - 9820 (+32)

Костанай - 3276 (+16)

Кызылорда - 3213 (+1)

Маңгыстау - 3270 (+7)

Павлодар  - 3692 (+7)

Түндүк Казакстан облусу - 3774 (+24)

Түркестан - 3171 (+7).

Аны менен бирге, өткөн суткада коронавирустук инфекция белгилери бар пневмонияга чалдыгуунун 67 учуру жана 2 адам өлүмү катталды.

Баш оона айынын 1-күнүнөн бери жалпы ооругандар - 18673, каза тапкандар - 220 кишини түздү.

 

Фото: kaztag.kz


×