Казакстандын медициналык мекемелери пландуу иштөө режимине өтүүдө

Казакстандын медициналык мекемелери пландуу иштөө режимине өтүүдө

Казакстанда COVID-19 илдетин олуттуу азайтуу тенденциясы байкалууда. Учурда коронавирусту жуктуруп алгандардын 80% айыгып чыкты. Бул тууралуу БКК өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Багдат Кожахетов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө күн сайын инфекциялык жана провизордук ооруканалар жабылып, бүгүнкү күндө 8,5 миңге жакын керебет орундар иштеп жатат. Баш оона айынын 1-күнүнөн баштап 600дөн ашуун медициналык уюм бейтаптарды пландуу түрдө кабыл алууну калыбына келтирди.

«Коронавирустук инфекциянын таралышы азайып жатат. Демек өлкөнүн медициналык мекемелерине болгон жүктөм азаят. Жугуштуу оорулар жана убактылуу стационарлар жабылууда. 2020-жылдын теке айынын 15-күнүнө карата инфекциялык, провизордук жана карантиндик ооруканалардагы керебеттердин саны 58 миң 798 эле, анын 57% же 33 миң 493 бейтап жаткан, ал эми баш оона айынын 17-күнүндө 36 миң 938 керебет калды, алардын 23% же 8475 гана бейтап бар», - деди Багдат Кожахметов.

Баяндамачы белгилегендей, өлкөдө коронавирустук инфекциянын жаңы түрү жайылып жаткан учурда, казакстандык медициналык уюмдар жана ооруканалар ыкчам түргө өтүштү. Эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышы менен баш оона айынын 1-күнүнөн баштап клиникалардын иши акырындык менен калыбына келе баштады. Биринчи кезекте республикалык деңгээлдеги адистештирилген клиникалар, облустук, шаардык жана райондук деңгээлдеги көп тармактуу ооруканалар, COVID-19 менен күрөшүү чараларына катышпаган башка да стационарлар этап менен ишке кошулат.

«Азыркы учурда терапевтикалык, кардиологиялык, гастроэнтерологиялык, аллергологиялык, хирургиялык, неврологиялык, пульмонологиялык, реанимация, акушердик-гинекологиялык, нейрохирургиялык, травматологиялык, көкүрөк хирургиясы, калыбына келтирүү, дарылоо жана медициналык реабилитациялоо кызматтарын көрсөткөн 626 медициналык уюм ишин жандантты. Күнүмдүк медициналык жардам көрсөтүүчүлөрдүн толук тизмеси менен Социалдык медициналык камсыздандыруу фондунун веб-сайтынан таанышууга болот. Тизме ар дайым жаңыланып турат», - деп белгиледи мекеменин расмий өкүлү.

 

Фото: aipm.kz


×