Карантин чараларын жеңилдетүү: адистер коопсуздук тууралуу унутпоого чакырат

Карантин чараларын жеңилдетүү: адистер коопсуздук тууралуу унутпоого чакырат

Казакстанда COVID-19 илдетинин таралышынын төмөндөшүнө карабастан, серепчилер алешемдиктерге жол бербей, алдын-алуу чараларын катуу сактоого чакырат. Коомдук саламаттык сактоо улуттук борборунун жетекчиси Дамир Көпжасаровдун айтымында, айрыкча 65 жаштан ашкан адамдар адаттан тыш сыртка чыкпаганы туура.

«Өлкөдөгү кырдаалдын турукташуусу КВИнин жайылышы токтойт дегенди билдирбейт, кадимки жашоого кайтып келүү азырынча эрте. Буга чейин берилген кеңештер мындан ары да сакталышы керек. Инфекциянын алдын алуу үчүн жеке гигиенанын талаптары, анын ичинде колду самындап жуу же дезинфекциялоочу каражат колдонуу; респиратордук эрежелер: коомдук жайларда социалдык аралыкты (1 метрден кем эмес) сактоо жана симптомдор болгон учурда медициналык жардамга кайрылуу. Бул эрежелерди ар бир казакстандык белгилеп алууга тийиш. Коопсуздуктун негизги чаралары болуп, коомдук жайларда, көчөдө биринчи кезекте социалдык аралыкты сактоо, беткап жана кол капкап тагынуу,  антисептикалык коргонуу каражаттар саналат», - деп маалымдады РКнын саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо улуттук борборунун башчысы Дамир Көпжасаров.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу теке айында киргизилген карантин чаралары бүгүнтөн баштап акырындык менен жеңилдетиле баштады. Саламаттык сактоо адистери  бир катар чакан жана орто бизнес объекттери өз ишин кайрадан жандандырганы менен коронавирус инфекциясы дале жайылып жатканын унутпоо керектигин эскертет.  Анткени көпчүлүк учурда адамдар симптомсуз оорушат же оору жеңил өтөт. Ошондуктан, COVID-19 вирусунан коргонуу үчүн сактык чараларынын маанилүүлүгүн эске алуу жакшы.

«Вирус айланабызда болот жана жакынкы убакытта жоюла койбосу анык. Биргелешип иштөө менен гана аны жеңүүгө болот. Эгер эрежелерди сактасак, анын кайра көтөрүлүшүнө жол бербейбиз. Саламаттык сактоо боюнча улуттук жана эл аралык органдардын көрсөтмөлөрүн толугу менен аткаруу керек. Колдорду таза кармоо, респиратордук эрежелерин сактоо, кеминде 1 метр аралыкты сактоо жана зарыл болгон жерлерде беткап тагынуу керек. Мындай оор мезгилде ар бир жарандын ролу маанилүү экендигин унутпашыбыз зарыл. Коомдун жоопкерчилиги, ар бир адамдын аң-сезимдүү жүрүм-туруму саламаттык сактоо тутумундагы жүктү азайтат», - деп маалымдады ДССУнун Казакстандагы элдик кеңешинин башчысы Кэролайн Кларинваль.

«COVID-19 жайылышына каршы күрөшүү үчүн ар бир адам жооптуу. Сиздин кайда жашаганыңыз, кесибиңиз же жашыңыз канчада экени маанилүү эмес, ар бир адам инфекция жуктуруу тизмегин үзүп жибериши толук ыктымал. Бул учурда жаштардын ролу өзгөчө маанилүү, алар жашоонун жөнөкөй эрежелерин сактоодо үлгү боло алышат», - деп маалымдады ДССУнун Казакстандагы техникалык консультанты Виталий Стецик.

 

Фото: liter.kz