82 миң 777 казакстандык коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты

82 миң 777 казакстандык коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты

 

Өткөн суткада дагы 1219 адамдын коронавирус илдетинен  сакайып чыкканы кабарланды. Ошентип коркунучтуу инфекциядан аман калгандардын саны 82 миң 777 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 саат ичинде өлкө аймагында 337 кишиге COVID-19  диагнозу коюлду. Алардын ичинде 172 адамда оорунун клиникалык белгилери жок. Бейтаптардын эң көп саны Алматы шаарында катталды - ал жерде 51 адам. Андан кийинки орунда Караганды (+37) жана Чыгыш Казакстан облусу (+36) турат. Борбор калаа Нур-Султанда 34 адамдан инфекция аныкталды. Өлкөдө бейтаптардын жалпы саны 103 миң 33 адамды түздү.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан - 13578 (+34)

Алматы - 13877 (+51)

Шымкент - 5150 (+4)

Акмола облусу - 3236 (+24)

Актөбе  - 3167 (+2)

Алматы облусу - 4823 (+5)

Атырау - 10717 (+10)

Чыгыш Казакстан - 7803 (+36)

Жамбыл - 3999 (+10)

Батыш Казакстан - 6561 (+24)

Караганды - 9788 (+37)

Костанай - 3260 (+19)

Кызылорда  - 3212

Маңгыстау - 3263 (+14)

Павлодар - 3685 (+22)

Түндүк Казакстан - 3750 (+25)

Түркестан - 3164 (+20).

Аны менен бирге, өткөн суткада коронавирустук инфекция белгилери бар пневмонияга чалдыгуунун 141 учуру жана эки адамдын көз жумуу фактысы катталды.

Баш оона айынын 1 бери жалпы ооругандардын саны - 18606 кишини түздү, 218 адам каза тапты.

 

Фото: tv21.ru