ДССУ: Коронавируска каршы эффективдүү вакцина даяр болсо талап көп болот

ДССУ: Коронавируска каршы эффективдүү вакцина даяр болсо талап көп болот

Дүйнөлүк илимий коомчулук коронавирус инфекциясын токтотуу жолун издөөнү улантууда. Бүгүнкү күндө ондогон ванкцина сыноо баскычтарынан өтүп жатат. Дүйнө калкынын дээрлик 70% түзгөн мамлекеттер натыйжалуу эмдөө каражатын издөө долбоорлоруна кошулду. Айтсак, ДССУ башчысы Тедрос Гебрейесустун пикири боюнча, бүгүн бул эң пайдалуу инвестиция болуп саналат. ДССУ башкы мүдүрү коронавируска каршы натыйжалуу каражат иштелип чыкса ага талап жогору болот деп ишенет. Чынында дүйнөгө азыр бирөө гана эмес, бир нече түрдүү вакцина түзүү керек, бул ылайыктуу эмдөө каражатын түзүүгө мүмкүнчүлүктү жакшыртат.

«Бул COVID-19 инфекциясына каршы инструменттерди калыс жана тең бөлүштүрүүнү камсыздоо үчүн жападан жалгыз глобалдык платформа. Болгону үч айдан кийин биз сезилээрлик натыйжаларды алдык. Бүгүнкү күнгө карата 9 эксперименталдык вакцина клиникалык сыноолордун экинчи жана үчүнчү фазасынан өтүп жатат», - деди Тедрос Гебрейесус.

Бардык ушул долбоорлор олуттуу каржылоону талап кылат. ДССУ башчысы баса белгиленгендей, глобалдашуу шартында мамлекеттер бири биринен көз каранды. Башкача айтканда, жердин эң алыскы булуң-бурчунан бери бул вирустан арылбаса, дүйнөлүк экономиканы жалпы калыбына келтирүү дагы мүмкүн эмес. Андыктан ДССУ биргелешип иштөө жана тилектештик көрсөтүү мыкты жол деп эсептейт. Уюм атүгүл коронавируска каршы натыйжалуу вакцина түзүү жана өндүрүү үчүн 100 миллиард доллардан кем эмес каражат керектигин дагы эсептеп чыккан. Ал эми оорунун таралышы жана анын кесепеттери дүйнөлүк экономикага ай сайын 375 миллиард доллар зыян келтирет.

«Бизге кантип мурдагы учурга кайтуу жөнүндө эмес, кантип алдыга илгерилей турганыбыз жөнүндө сүйлөшүү зарыл. Ал эми алдыга жылуу үчүн биз биргеликте аракет кылуубуз керек. Дүйнө буга чейин оорунун кыска мөөнөттүү кесепеттерине каршы күрөшүүгө триллиондорду коротту», - деп баса белгиледи ДССУ башкы мүдүрү.

Ал арада бүгүн дүйнө жүзүндө кооптуу инфекцияны 20 миллион 700 миң киши жугузуп алды. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, бул оору 755 миң кишинин өмүрүн алды. Дээрлик 13 миллион киши ооруну жеңе алды. Учурда АКШ мурдагыдай эле антирейтинг лидери бойдон калууда. Ал өлкөдө 5 миллион 248 миң оору жугузган бейтап бар.

Экинчи орунда Бразилия келе жатат – ал жакта 3 244 876 бейтап бар. Үчүнчү сапта - 2 246 149 бейтап менен Индия турат. Андан кийинки катарга Орусия, ТАР, Перу, Колумбия, Чили жана Испания жайгашкан.

 

Фото: pnp.ru 


×