78 миң 633 казакстандық коронавирустан айыгып чыкты

78 миң 633 казакстандық коронавирустан айыгып чыкты

Өткөн суткада дагы 1877 адам коронавирустан айыкты. Ушуну менен кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 78 миң 633 адамга жетти. Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү маалыматтарына ылайык, өткөн 24 саат ичинде өлкө аймагында 476 COVID-19 бейтап аныкталды. Анын ичинде 184 адамда оорунун клиникалык белгилери жок. Эң көп бейтап Чыгыш Казакстан облусунда - ал жерде 97 киши. Андан кийин Нур-Султан шаары (+66) жана Караганды облусу (+44) турат.  Жалпы республика боюнча ооругандар саны - 101 миң 848 адам.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан ш. - 13452 (+66)

Алматы ш. – 13742 (+40)

Шымкент ш. - 5134 (+3)

Акмола облусу - 3172 (+21)

Актөбе облусу - 3143 (+9)

Алматы облусу - 4782 (+18)

Атырау облусу - 10673 (+15)

Чыгыш Казакстан облусу - 7622 (+97)

Жамбыл облусу - 3963 (+16)

Батыш Казакстан облусу - 6482 (+32)

Караганды облусу - 9675 (+44)

Костанай облусу - 3195 (+27)

Кызылорда облусу - 3207 (+8)

Маңгыстау облусу - 3220 (+13)

Павлодар облусу - 3610 (+11)

Түндүк Казакстан облусу - 3671 (+30)

Түркестан облусу - 3105 (+26).

Ошону менен бирге, өткөн суткада коронавирустук инфекция белгилери бар пневмониянын 934 учуру жана 10 өлүм катталды. 

Баш оона айынын 1-күнүнөн бери ооругандар 16 миң 666 кишини түзүп, 198 адам кайтыш болду.

 

Фото: tr.mehrnews.com