Казакстанда жасалма дем алдыруу жабдуулары жана ультра добуштук беткаптар жасалууда

Казакстанда жасалма дем алдыруу жабдуулары жана ультра добуштук беткаптар жасалууда

Ата мекендик өндүрүш COVID-19 оорусуна каршы күрөшкө аттанды. Акмола облусунда жайгашкан казакстандык завод өлкөнүн бардык аймактарына 700 жасалма дем алдыруу аппараттарын жеткирген. Алардын жалпы наркы – 310 миллион теңге. Ошону менен катар, өндүрүш ишканасы Саламаттык сактоо министрлигине акысыз негизде дагы 180 жабдуу жеткирип бергенин Казакстандын Индустрия жана инфратүзүмдүк өнүгүү министрлиги билдирет. Жыл соңуна чейин өлкө ишканаларынын тапшырыгы боюнча дагы 55 жасалма дем алдыруу аппаратын жеткирүү пландалган. 

Мындан тышкары, азыр Казакстан тарап түркиялык жасалма дем алдыруу аппараттарынын өндүрүшүн иштетүү маселесин бышыктап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

«Казакстан менен Түркия карантинден чыгуу боюнча тажрыйба алмашып, коронавирус инфекциясынан дарылоого багытталган дарылык каражаттардын өндүрүшүн жана жасалма дем алдыруу аппараттарынын өндүрүшүн локализациялоо маселелери боюнча өнөктөштүк түзөт», - деп вице-премьер Ералы Тугжанов менен саламаттык сактоо министри Алексей Цойдун Түркияга барган сапарынын жыйынтыгы боюнча таратылган билдирүүдө айтылат.

Аталган сапар убагында казакстандык делегация Анкарага жакын Маниса шаарында райондук оорукананын иши менен таанышты. Негизинен медициналык жана технологиялык процесстерди автоматташтыруу, социалдык обочолонуу менен санитардык-эпидемиологиялык режимди сактоо маселелерине көңүл бурулду.  

Ошентип делегация Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа жана өлкөнүн илимий-медициналык коомчулугу менен жолугушуп, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жаатында бирге аракеттенүүнү кеңейтүү жагдайын талкуулашты.

Ошону менен бирге, Казакстанда ультра добуштук беткап чыгарыла баштады. Израиль технологиясы менен жасалган өзгөчө беткап вирус менен бактериялардан коргойт жана аларды зыянсыздандырат. Адистер ал беткапты бир жыл колдонууга болот дешет. Өндүрүш ыргагы күчтөнгөндөн кийин инновациялык беткапты КМШ өлкөлөрү менен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерине экспортко чыгаруу пландары бар. Ушул максатта өндүрүшчүлөр 140 миллион теңге инвестиция тарткан. Жогорку технологиялык беткаптын баасы азырынча тактала элек.

 

Фото: m.ru.sputniknews.kz