76 миң 756 казакстандык коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты

76 миң 756 казакстандык коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты

Өткөн суткада дагы 2079 адам коронавирустан айыгып чыкканы маалымдалды. Ошентип кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын саны 76 миң 756 кишиге жетти. Казакстан Республикасынын Саламатттык сактоо министрлигинин бүгүнкү маалыматына ылайык, өткөн 24 саат ичинде өлкө аймагында 517 COVID-19 жуктурган бейтап аныкталды. Анын ичинде 239 кишиде оорунун клиникалык белгилери жок болгон. Эң көп ооругандар Чыгыш Казакстан облусунда болуп жатат – ал жакта 85 бейтап бар. Андан кийин 56 бейтап менен Караганды облусу жана 52 бейтап менен Алматы шаары келе жатат. Өлкө борбору Нур-Султанда кооптуу инфекция 38 адамдан аныкталды. Жалпы өлкө боюнча ооругандардын саны – 101 миң 372 киши.

Аймактар боюнча бүгүнкү эпидемиологиялык кырдаал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан ш. - 13386 (+38)

Алматы ш. – 13702 (+52)

Шымкент ш. - 5131 (+10)

Акмола облусу - 3151 (+32)

Актөбе облусу - 4764 (+21)

Алматы облусу - 4764 (+21)

Атырау облусу - 10658 (+20)

Чыгыш Казакстан облусу - 7525 (+85)

Жамбыл облусу - 3947 (+19)

Батыш Казакстан облусу - 6450 (+39)

Караганды облусу - 9631 (+56)

Костанай облусу - 3168 (+27)

Кызылорда облусу - 3199 (+4)

Маңгыстау облусу - 3207 (+21)

Павлодар облусу - 3599 (+19)

Түндүк Казакстан облусу - 3641 (+33)

Түркестан облусу - 3079 (+31).

Ошону менен бирге, өткөн суткада коронавирустук инфекция белгилери бар пневмониянын 972 учуру жана 8 өлүм катталды.

Баш оона айынын 1-күнүнөн бери ооругандар 15 миң 732 кишини түзүп, 188 адам кайтыш болду.

 

Фото: liter.kz