Казакстанда дагы миңге жакын адам коронавирустан айыгып чыкты

Казакстанда дагы миңге жакын адам коронавирустан айыгып чыкты

Өткөн суткада Казакстанда 975 адам коронавирустан айыгып чыккандардын катарын толуктады. Ошентип кооптуу инфекциядан айыккандардын саны 74 миң 677 кишини түздү. РК Саламатттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 24 саат ичинде 671 адам COVID-19 оорусу менен катталды. Анын ичинде клиникалык белгилери жок 377 бейтап аныкталды. Ал эми өлкөдөгү коронавирус жуктургандардын жалпы саны – 100 миң 855 киши.

Аймактар боюнча бүгүнкү эпидемиологиялык кырдаал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан ш. - 13348 (+143)

Алматы ш. - 13650 (+97)

Шымкент ш. - 5121 (+7)

Акмола облусу - 3119 (+50)

Актөбе облусу - 3124 (+16)

Алматы облусу - 4743 (+22)

Атырау облусу - 10638 (+21)

Чыгыш Казакстан облусу - 7440 (+75)

Жамбыл облусу - 3928 (+19)

Батыш Казакстан облусу - 6411 (+45)

Караганды облусу - 9575 (+66)

Костанай облусу - 3141 (+29)

Кызылорда облусу - 3195 (+9)

Маңгыстау облусу - 3186 (+15)

Павлодар облусу - 3580 (+26)

Түндүк Казакстан облусу - 3608 (+35)

Түркестан облусу - 3048 (+16).

Ошону менен катар, РК Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустук инфекция белгилери бар пневмония боюнча маалыматтарды жарыялады. Өткөн суткада ал оору 1423 адамдан аныкталса, 8 өлүм учуру катталды.

Баш оонанын 1-күнүнөн ооругандар 14 миң 760 кишини түздү, 181 адам көз жумду.

 

Фото: i3vestno.ru