Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 20 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 20 миллиондон ашты

Дүйнөдө 20 миллиондон ашык кишиге коронавирус жукту жана 736 миңдей адам көз жумду. Мындай маалыматтарды бүгүн Джонс Хопкинс университети келтирди. Ага ылайык, акыркы суткаларда кооптуу инфекция төрт миллиондон ашык кишиде тастыкталды. Айтмакчы антирейтингде оору жугузгандардын саны боюнча АКШ алдыда келе жатат, ал өлкөдө оору жуккан бейтаптардын саны 5 миллиондон ашык. COVID-19 жуккан учурлардын жарымы туура келген Түндүк жана Түштүк Американын аймактарында бул оору көбүрөөк таралды. Оору жугузгандар боюнча экинчи кезекте Европа турат, ал эми үчүнчү орунда Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү келе жатат.

 «Биз планетадагы бардык адамдар жекече тобокелчиликти башкаруу үчүн күндөлүк иш-аракеттер көз карашы жагынан COVID-19 каршы күрөшүүдө өздөрүнүн ролун түшүнгөнүн каалайбыз. Эгерде сиздерди үйдө кал десе калышыңар керек, эгерде тышка чыгыш керек болсо эрежелерди сактагыла: бет кап тагынып, оору жугузбаш үчүн нускамаларды сактоо зары», - деп белгиледи ДССУ өкүлү Мария Ван Керкхов. 

Бразилияда акыркы суткаларда 22 миңден ашык COVID-19 жуккан учур катталды. Ал жакта инфекцияга чалдыккан бейтаптардын саны 2 миллион кишиден ашты. Жаңы типтеги коронавирус пайда кылган кабылдоолордон өлкөдө 100 миңден ашык бейтап көз жумду. Адистер инфекциянын тездик менен жайылышы баарынан мурда өлкөнүн коомдук жайларынын – дүкөн, кафе жана ресторандардын ачылышына байланыштуу дешет. Бирок алардын сөзү боюнча, Бразилия оору жугуунун эң жогорку чегине дагы деле жете элек.

Коронавирус менен ооругандар боюнча Индия үчүнчү орунду ээлейт. Ал жакта 2 миллион киши ооруга кабылган. Кечээ өлкө боюнча кайрадан жаңы оору жугуу учурларынын 62 миң кишиге чейинки жогорку көрсөткүчү катталды. Индиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы аптада ошол эле АКШ менен Бразилияга караганда оору жуккан жогорку суткалык көрсөткүчтөр катталууда.

Ушул тапта төртүнчү кезекте Орусия турат. Ал өлкөдө COVID-19 жуккандар 900 миң кишини түздү. Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попованын айтымында, оору жугуу учурларынын ыргагы марттан тартып 50 эсе төмөндөдү. Аны менен катар, орусиялык курорттордон кайткан ар бир 10 миң кишинин алтоосунан кооптуу инфекция табылып жатат.

Айта кетсек, Испания жакында Европадагы коронавирус жуккан бейтап саны боюнча антилидерликтен чыккан. Ал жакта бир күн ичинде эле дагы бир миң оору жугуу учурларын аныкташкан. Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги көпчүлүк учурлар Каталония менен Арагондон катталганын билдирген. Эми вирустан таралышын токтотуу үчүн жергиликтүү бийликтер убактылуу чектөө киргизүүдө. Мисалы, өткөн жумада Аранда-де-Дуэро шаарчасын 2 аптага карантинге жабышкан. Жалпысынан Испанияда эпидемия башталгандан бери 322 миңден ашык кишиден вирус аныкталып, 30 миңдей киши каза тапты.

 

Фото: regnum.ru