Казакстанда өткөн суткада 1179 адам коронавирустан айыгып чыкты

Казакстанда өткөн суткада 1179 адам коронавирустан айыгып чыкты

Казакстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны 73 миң 702 кишиге жетти. Өткөн суткада 1 миң 179 адам инфекциядан айыгып чыкты. Бул тууралуу РК Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Акыркы маалыматтар боюнча, 24 саат ичинде 722 кишиден COVID-19 аныкталды. Анын ичинде, клиникалык белгилери жок 374 бейтап тастыкталды. Ошентип өлкөдө коронавирус жугузгандардын жалпы саны 100 миң 164 кишиге жетти. 

Аймактар боюнча учурдагы эпидемиологиялык кырдаал төмөндөгүдөй: 

Нур-Султан ш. - 13205 (+156)

Алматы ш. - 13553 (+120)

Шымкент ш. - 5114 (+7)

Акмола облусу - 3069 (+23)

Актөбе облусу - 3108 (+5)

Алматы облусу - 4721 (+17)

Атырау облусу - 10617 (+11)

Чыгыш Казакстан облусу - 7365 (+90)

Жамбыл облусу - 3909 (+20)

Батыш Казакстан облусу - 6366 (+51)

Караганды облусу - 9509 (+87)

Костанай облусу - 3112 (+30)

Кызылорда облусу - 3186 (+6)

Маңгыстау облусу - 3171 (+19)

Павлодар облусу - 3554 (+23)

Түндүк Казакстан облусу - 3573 (+34)

Түркестан облусу - 3032 (+23).

Баш оонанын 3-9-күндөрү Казакстанда коронавирус инфекциясынан 211 адам көз жумду. Каза тапкандардын жалпы саны – 1269.

Ошону менен бирге, РК Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясы бар пневмония боюнча маалыматтарды жарыялады. Өткөн суткада пневмония 57 адамдан аныкталса, андан 9 өлүм учуру катталды.

Ай башынан бери ооругандар – 13 миң 337 адамды түзсө, 173 киши көз жумду.

 

Фото: inform.kz