COVID-19: Казакстанда коронавирусту жуктуруу өсүшү токтоду

COVID-19: Казакстанда коронавирусту жуктуруу өсүшү токтоду

Казакстанда коронавирусту жуктуруу өсүшү токтоду. Бул тууралуу бүгүн Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Багдат Кожахметов билдирди. Анын айтымында, республика кооптуу учурдан өттү.

«Казакстанда коронавирусту жуктуруу өсүшү токтоду. Өлкө боюнча кырдаал көрүнүктүү жакшырды. Аткаруу бийлиги абалга катуу көз салууда. Медициналык коомдоштуктун санитардык-эпидемиологиялык кызматы өзүнө жүктөлгөн милдетин толук көлөмдө аткарууда. Өлкөбүз эң кыйын учурду артта калтырды деп айтсак болот», - деди расмий өкүл.

Анткен менен бул жетишкендикке кубанып, эрежени жумшартууга болбойт. Багдат Кожахметов кийинки милдет - илдетти жуктуруу менен өлүм-житим факторун токтотуу экенин айтып, өлкө калкын санитардык эрежелерди катуу сактоого чакырды.

 

Фото: almaty.tv


×