Коронавируска каршы вакцина Жамбыл облусундагы фармзаводдо чыгарылат

Коронавируска каршы вакцина Жамбыл облусундагы фармзаводдо чыгарылат

Жамбыл облусунда жайгашкан Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрүн илимий-изилдөө институту коронавирус инфекциясына қаршы вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрүүгө даяр. Казакстандык алгачкы вакцина QazCovid-in деп аталат. Инактивделген ата мекендик вакцина Дүйнөлүк саламатык сактоо уюмуна катталган. Ата мекендик 5 вакцинанын ичинде инактивделген каражаттын биринчи жасалышы жөн жерден эмес. 

«Ал вакцина өлтүрүлгөн вирустун негизинде жасалат. Ошол технологиянын негизинде мурдатан бизге таанымал башка вирустардын вакцинасын дагы бирдей технология менен жасоого мүмкүн. Ал эми биздин институттун окумуштуулары ошол технологияны жакшы билгендиктен жана даярдоо мөөнөтү кыска болгондуктан биринчи кезекте ошол вакцинаны жасоону чечтик», - дейт Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрүн илимий-изилдөө институтунун өтө кооптуу ооруларды изилдөө лабораториясынын жетекчиси Лесбек Кутымбетов. 

Окумуштуулардын айтымында, аяк оона айында вакцинаны адамдарга клиникалык сыноо жүргүзүлөт. Алгач 44 киши катышса, экинчи кезекте 200 адамга сыноо жасалат. Жалпы колдонуу киргизүү үчүн эмдөө каражаты үчүнчү жана төртчүнчү жолку сыноодон дагы өткөрүлүүгө тийиш. Айта кетсек, ата мекендик вакцинаны Жамбыл облусунун Кордай районунда курулушу жүрүп жаткан заводдон чыгарууга болот. Ал ишкананын курулушун жыл соңуна чейин аяктоо пландалган. Жамбыл аймагынын башчысы Бердибек Сапарбаев курулуштун жүрүшү менен атайын барып таанышты. Облус жетекчиси ошол объектти өз убагында ишке берүүнүн мааниси зор экенин баса белгиледи. 

«Завод быйыл пайдаланууга берилүүгө тийиш. Бул пандемия шартында өтө маанилүү. Заводдо иммунобиологиялык дарылык каражаттар, анын ичинде, азыркы кезде клиникалык текшерүүдөн өтүп жаткан коронавирустук инфекцияга каршы вакцинаны өндүрүү пландалууда», - деди аймак башчысы.  

Биофармацевтикалык заводдо эл аралык стандарттар боюнча иммунобиологиялык дарылык каражаттар, анын ичинде, коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын өндүрүшү жолго коюлат. Ишканада ошондой эле пандемиялык тумоо, кургак учук, бруцеллёз, нодулярлык дерматит, инфекциялық мал ооруларына каршы вакциналар дагы чыгарылмакчы. Заводдун кубаттуулугу жылына 60 миллион доза биофармацевтикалык каражат өндүрүүгө жетет.

 

Фото: 24.kz