COVID-19: министрлик дары тартыштыгы менен күрөшүү жолун айтты

COVID-19: министрлик дары тартыштыгы менен күрөшүү жолун айтты

Калкка жеткиликтүү дары-дармек камдыгын түзүүдө вирустук оорулар жана коронавирустук инфекциядан пайда болгон илдеттер эске алынат. Бул тууралуу борбордө өткөн брифинг учурунда белгилүү болду. Ал жыйынга «СК-Фармация» уюмунун жетекчиси Ерхат Искалиев жана саламаттык сактоонун вице-министри Людмила Бюрабекова катышты.

«СК-Фармация» базасында резерв түзүүдө вирустук оорулар жана коронавирустук инфекциядан пайда болгон илдеттер эске алынат. Андан улам акысыз амбулатордук, стационардык дарылык камсыздоо жана чекене берүүнү толуктоо үчүн камдык түзүлдү. Бардык эсептөөлөрдү оорунун өсүшүнө жараша жүргүзөбүз», - деп түшүндүрдү Людмила Бюрабекова.

Искалиевдин айтымында, азыркы учурда Казакстанда дары тартыштыгын кыска мөөнөттө чечүүгө мүмкүндүк берген атайын чаралар комплекси иштелип чыкты.

«Коронавирустан дарылоо үчүн дары-дармектердин бир айлык камдыгы ташып келүүгө 2,6 теңге; 40 миң бейтап үчүн кошумча көлөм сатып алууга 8,7 млрд теңге; коронавирустун экинчи толкунун алдын алуу үчүн 100 миң бейтапты кооптуу илдеттен дарылоого кошумча эки айлык резервди түзүүгө 24 млрд теңге каралды», - деди Ерхат Ескалиев.

«СК-Фармация» жетекчиси белгилеп өткөндөй, азыркы учурда логистика тармагы кадыресе тартиптен ыкчам режимде иштөөгө өткөрүлдү. Эми коронавируска байланыштуу курч кырдаал болгон учурда бардык дары-дармектер республиканын медициналык мекемелерине түз багытталат.

«Коронавируска байланыштуу курч көйгөй жаралса бардык дары-дармектер унаалардан түз эле медициналык мекемелерге жөнөтүлөт. Кампалар 24/7 режиминде кезметчи топторду түзүү менен иштеди; пландалган каттамдар 1,7 эсеге көбөйдү; жүктөп жөнөтүү мөөнөтү 2 жумадан 1 жумага кыскартылды; Кампаларда дарылык каражаттарды эсепке алуу кызматкерлеринин саны көбөйтүлдү. Авиакомпаниялар менен дарыларды жеткирүүнү тездетүү боюнча макулдашуу жетишилди, алар менен биргелешип иштешип камсыздоого аракет кылдык», - деди мекеме башчысы.

Искалиев белгилегендей, жугуштуу оорулар ооруканаларына жана провизордук борборлорго 91 аталыштагы дары-дармектер жөнөтүлөт. Жалпысынан COVID-19 жайылган мезгилде Казакстанда 12,8 млрд теңгеге бааланган дары каражаттары ташылып жеткирилди.

 

Фото: tengrinews.kz