Казакстанда бир сутка ичинде COVID-19 иллети 980 адамдан аныкталды

Казакстанда бир сутка ичинде COVID-19 иллети 980 адамдан аныкталды

Өткөн суткада өлкө боюнча 980 COVID-19 бейтап каттоого алынды. Анын ичинде 502 кишиде клиникалык белгилери жок болуп чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Оору жуктурган учурлардын басымдуу бөлүгү Нур-Султан шаарында – борбордо өткөн суткада 186 бейтаптан COVID-19 аныкталды. Ал эми Алматы шаарында 175 бейтап катталды. Андан кийинки кезекте Чыгыш Казактан облусунда бейтаптар көп катталды – аталган аймакта 92 кишиден коронавирус табылган. Республика боюнча COVID-19 жуккандардын жалпы саны – 96 922. 

Бүгүнкү күнгө аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал төмөнкүдөй:

Нур-Султан ш. - 12530 (+186)

Алматы ш. - 12995 (+175)

Шымкент ш. - 5070 (+26)

Акмола облусу - 2928 (+31)

Актөбе облусу - 3085 (+2)

Алматы облусу - 4623 (+46)

Атырау облусу - 10511 (+44)

Чыгыш Казакстан облусу - 7045 (+92)

Жамбыл обласу - 3804 (+40)

Батыш Казакстан облусу - 6160 (+58)

Караганды облусу - 9160 (+85)

Костанай облусу - 2988 (+35)

Кызылорда облусу - 3143 (+33)

Маңгыстау облусу - 3063 (+33)

Павлодар облусу - 3469 (+22)

Түндүк Казакстан облусу - 3419 (+45)

Түркестан облусу - 2929 (+27).

Өлкөдө кооптуу инфекциядан айыккандардын саны өсүп, 70 680 кишиге жетти. Өткөн 24 саат ичинде 1 809 казакстандык коронавирустан айыгып чыккан.

Ошону менен катар, Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясынын белгилери бар пневмония боюнча маалыматтарды таратты. Анда өткөн суткада 1442 бейтап аныкталып, 18 өлүм катталганы айтылат.

Теке айынын биринен бери пневмония менен ооругандардын саны 11 008 кишиге жетип, 120 бейтап кайтыш болду.

 

Фото: vogazeta.ru