Казакстандагы эпидемиологиялык кырдаал: стационарлар жабылууда

Казакстандагы эпидемиологиялык кырдаал: стационарлар жабылууда

Казакстанда коронавирус эпидемиясына байланыштуу кырдаал турукташууда. Пневмония оорусу дагы азайып, провизордук госпиталдарда орундар кыскарып жатат. Алматыдагы Halyk Arena спорт комплексинде жакында иш баштаган провизордук борбордун жумушу көп узабай токтотулду. Бул тууралуу шаар акими Бакытжан Сагинтаев Алматы телеканалында өткөн түз эфирде айтты.

 «Halyk Arena спорт комплекси ооруканага ылайык кайра жабдылганын билесиздер. Имарат ичине 1 миңге жакын орун койгонбуз. Эми биз комплексти ачпай коё турабыз. Эгерде эмканаларда орун жетишпеген кырдаал пайда болсо, бейтаптарды ошол жерге кабыл алабыз. Стационарлардын кызматкерлери керектүү даярдыктан өттү, дары-дармектер камдалды», - деди шаар акими.

Костанайда дагы коронавирус жана пневмония жуктурган бейтаптардын санынын азайышына байланыштуу 2 провизордук борбор ишин токтотту.

 «Облус борборундагы «Достук» санаторийи менен тери оорулар диспансеринин жанында ачылган провизордук борборлор ишин токтотту», - деп кабарлады облустук саламаттык сактоо башкармалыгы.

Айта кетсек, буга чейин облус акими Архимед Муканбетов жыйын өткөрүп, облуста эпидемиологиялык кырдаал турукташып келе жатканын билдирген.

Ошентип жалпы өлкө боюнча теке айынын 30-күнүндөгү маалыматка ылайык, 15 провизордук стационар жабылды.

«Оорунун суткалык өсүшү 4 пайыздан 1,5% чейин төмөндөдү. Оорудан айыгып чыккандардын саны 66% жетти. Тез жардам чакыруу 40%, анын ичинде, коронавируска байланыштуу чакыруу 52%, пневмония боюнча чакыруу 35% азайды. Ооруканаларда жатып дарылануучу орундарды колдонуу 90% көрсөткүчтөн 40% төмөндөдү. Ошого байланыштуу жети аймакта он беш провизордук стационар жабылды», - деп айтылат Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн билдирүүсүндө.

 

Фото: almaty.tv