БУУ билим берүүдө аргасыз үзгүлтүк болоорун дүйнөгө эскертти

БУУ билим берүүдө аргасыз үзгүлтүк болоорун дүйнөгө эскертти

Коронавирустун айынан билим берүүдөгү тыныгуулар планетанын бүтүндөй мууну үчүн аргасыз үзгүлтүк болуп калуу ыктымалдуулугу абдан жогору. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнө мамлекеттерине эскертти. Ал Бириккен улуттар уюмунун сайтында жарыяланган видео кайрылуусунда, окуучуларды мектепке коопсуз кайтарып келүү дүйнөлүк башкы маселе болушу керектигин баса белгиледи.  

Теке айынын ортосуна карата мектептер 160 мамлекеттеги 1 миллиард окуучу үчүн жабылды жана 40 миллион бала мектепке чейинки билим берүүдөн аксады. Ошол эле учурда пандемияга чейин 350 миллион балага билим берүү жеткиликтүү эмес болгон, ал эми өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү орто мектептердин окуучуларынын төрттөн үчү билим берүү мекемелерин базалык билим албай калтырышкан.    

«Эми биздин алдыбызда далай балдардын дарамети ачылбай кала турган билим берүүдөгү үзгүлтүк турат, акыркы он жылдыктагы жетишкендиктер жокко чыгарылып, теңсиздик күчөшү ыктымал», - деп баса белгиледи БУУ Баш катчысы.

Айта кетсек, Джонс Хопкинс университетинин статистикасы боюнча, баш оонанын 5-күнүнө карата дүйнөдө коронавирус инфекциясы 18,5 миллион кишиге жукту, 700 миңден ашык киши каза тапты, 11 миллион 74 миң бейтап оорудан айыкты.

Жуманын башында сутка ичиндеги бейтаптардын көбөйүшү Индияда байкалды. Өлкөдө 50 миңден ашык кишиде коронавирус аныкталды. Ошентип бейтаптардын саны мурда катталган «антирекорддон» ашты.

Азыр Индияда оору жугузгандардын саны 1 855 745 кишиге жетти, 39 миңден ашык адам коркунучтуу вирустун курмандыгы болду.

Ал арада оору жугуу учурларынын саны боюнча Америка Кошмо Штаттары мурдагыдай эле алдыда келе жатат. Ал жакта 4 770 273 киши коронавируска чалдыккан. Айыккандар 1 528 979 кишиге жетти. Каза болгондор 156 782 кишини түздү.

Бейтаптардын саны боюнча дүйнөдө Бразилия экинчи орунда турат – ал өлкөдө 2 801 921 кишиге оору жуккан учурлар тастыкталган. Айыккандар 2 157 484 кишиге жетип, 95 819 киши каза болду.

 

Фото: 24.kz