Коронавируска каршы казакстандык вакцина ыктыярчыларга аяк оонада сыналат

Коронавируска каршы казакстандык вакцина ыктыярчыларга аяк оонада сыналат

Казакстандык жети окумуштуу өздөрү иштеп чыккан коронавируска каршы вакцинаны өздөрүнө сынашты. Бул тууралуу Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү илимий-изилдөө институтунан билдиришти. Эми кезекте эмдөө каражатын ыктыярчыларга сыноо турат.

«ДССУ талаптарына ылайык, 2020-жылы баш оонанын 13-күнүнөн тартып макак-резус антителосунун титрин биротоло аныктоо пландалып жатат, ал 7 log көрсөткүчүнөн аз эмес болууга тийиш. Бул жогорку иммуногендик көрсөткүч болуп саналат. 2020-жылдын теке айынын 26-күнүнөн тартып 5 окумуштууга өздөрү иштеп чыккан коронавируска каршы инактивдештирилген вакцина менен эмдөө жүргүзүлдү. Үч сутка аралыгында алар өздөрүн жакшы сезип жатат, температура жана аллергиялар жок.  Клиникага чейинки сыноолор 2020-жылы баш оонанын 20-күнү аяктайт, жыйынтыгы РК Саламаттык сактоо министрлигине берилет. Министрликтен уруксат алынгандан кийин аяк оона айында коронавируска антилосу жок 44 ыктыярчыга клиникалык сыноолордун биринчи фазасы башталышы күтүлөт», - деп институттан түшүндүрүштү. 

Вакцинация эки этапта жүргүзүлгөн. Алгач эмдөө каражаты башкы мүдүр Күнсулу Закарья баш болгон 5 окумуштууга сайылган. Эмделген кызматкерлерге байкоо жүргүзүүнүн кийинки күнү жана вакцинанын коопсуздугу жөнүндө маалымат алынгандан соң дагы эки кызматкерге эмдөө жүргүзүлдү.

«Вакцинация COVID-19 оорусуна каршы биринчи ата мекендик вакцинаны даярдоо технологиясын иштеп чыгуу жана сыноо боюнча түздөн түз илимий-изилдөө иштерин аткарып жаткан Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү илимий-изилдөө институтунун илимий кызматкерлерин толук эпдимиологиялык коргоо үчүн керек.  Аталган илимий кызматкерге COVID-19 жугуп калган учурда институт  ата мекендик вакцинаны иштеп чыгуу боюнча маанилүү мамлекеттик тапшырманы аткарып жаткан эң баалуу адистеринен узакка ажырап калмак. Өздүк вакцина менен эмдөө медициналык жана иммунобиологиялык каражаттарды иштеп чыгуучулардын жашыруун илимий стандарты болуп саналат. Иштеп чыгуучу биринчи кезекте өздүк өнүмдүн коопсуздугун жана иммуногендүүлүгүн өзүндө изилдеп сыноого тийиш. Экинчиден, алар өздөрүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы жана сапаты үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алыш керек. Ошентип клиникалык сыноолорго катыша турган болочок ыктыярчылардын коопсуздугу кепилденет, - деп билдирди институт мүдүрү Күнсулу Закарья.

Маалыматка ылайык, тогуздун айынын ортосунда ДССУ талаптарына туура келген 200 ыктыярчыга клиникалык сыноонун экинчи фазасын баштоо пландалууда. Ал сыноо бештин айында жыйынтыкталышы керек.

Айта кетсек, ДССУ жаңы вакцинаны клиникалык сыноолордун жыйынтыгын жактыргандан кийин гана Казакстан Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү илимий-изилдөө институтунун алдындагы иммунобиологиялык каражаттарды өндүрүү боюнча курулуп жаткан заводдун базасында өндүрүүгө даяр болот. Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылдык 60 млн дозага жетет. Анын курулушу жыл соңуна чейин бүткөрүлмөчкү.

Эске салсак, жалган курандын 23-күнү окумуштуулар биринчи бейтаптардан COVID-19 оорусунун биологиялык материалын алышкан жана бир жума өтпөй козгогуч катары SARS-CoV-2 вирусу аныкталган жана анын биологиялык касиеттери изилденген. Бугу айынын 9-күнү вакцина иштеп чыгуу боюнча иштер аяктаган жана анын протоколу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жөнөтүлгөн.  

Жыйынтыгында жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин ДССУ аны клиникага чейинки сыноолорго уруксат берилген талапкер-вакциндер тизмесине кошкон. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары ал каражат бардык көрсөткүчтөрү боюнча ДССУ талаптарына, ошондой эле, уулуулугу, пирогендик, аллергендик, иммуногендик касиеттери боюнча Казакстан Республикасынын мамлекеттик фармацевтика талаптарына дагы шайкеш келерин көрсөттү.

Вакцина теке айынын 6-күнү РК Саламаттык сактоо министрлигинин Дарылык каражаттарды экспертизалоо улуттук борборуна берилген, анда ошол вакцинанын клиникага чейинки сыноолорунун жыйынтыктары анын кайра жасоого жарактуулугун тастыктады.

Белгилей кетсек, жалпысынан өлкөдө коронавиурска каршы вакцинанын беш прототиби менен иштеп жатышат. COVID-19 илдетине каршы талапкер-вакциндердин жалпы сереби Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сайтында бар.  

Болжолдуу түрдө өнөкөт оорулары бар топторго кирген жактар, жүрөк кан-тамыр оорусу, кан диабети жана өпкөнүн өнөкөт дарты менен жабыркаган 65 жаштан ашкан жарандар жалпы эмдөөгө алынаары белгиленген. Ошондой эле, медициналык кызматкерлерди дагы эмдөө пландалууда. Ошентип эмделе турган казакстандыктардын саны 2 миллион 347 миң кишини түзөт.

 

Фото: hse.ru