Борбордо дары-дармектерди кымбат саткан 30 факт аныкталды

Борбордо дары-дармектерди кымбат саткан 30 факт аныкталды

Борбордо дарыларга бааны көтөргөн 30 ашык факт табылды, аны мониторинг топторунун адистери дарыканаларды текшерүү убагында аныкташкан. Бул жөнүндө Kazakh TV телеканалынын кабарчысына Нур-Султан шаары боюнча фармацевтика ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана коопсуздугун текшерүү бөлүмүнүн жетекчиси Асия Молдиманова билдирди. Анын айтымында, мыйзам бузуулар кулжа айынын 9-күнүнөн баш оонанын 3-күнүнө чейинки аралыкта аныкталган.

«Ал иштерди кароонун жүрүшүндө эч жакка катталбаган жана Казакстанда колдонууга тыюу салынган көптөгөн препараттар билинди. Мындай учурларда Администрациялык укук бузуулар кодексинин 426-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлөт жана ал материал адистешкен район аралык экономикалык соттун кароосуна жөнөтүлөт. Ишти кароонун жүрүшүндө мыйзамсыз ишкердик кылган жеке жактар, мыйзамсыз түрдө дары-дармек саткандар аныкталат», - деп түшүндүрдү Асия Молдиманова.

Мындан тышкары, Асия Молдиманованын айтымында, текшерүүчү органдын эскертүүсүнөн кийин дагы борбордогу үч дарыканада баалар жогорулатылган учурлар катталган. Алардын ишмердүүлүгү бир айдан жарым жылга чейин токтотулаарын адис белгилейт. Мониторинг тобу иштеген учурда дары-дармектерди жана медициналык өнүмдөрдү мыйзамсыз саткан 4 факт аныкталганын адис кошумчалады.

«РК мыйзамдарына ылайык, медициналык бет каптар, дарылык каражаттар жана медициналык өнүмдөр мамлекеттин каттоосунда катталат. Медициналык өнүмдөрдү соодалоо үчүн ар бир жеке ишкердин так ошол медициналык өнүмдөрдү чекене соодалоого атайын уруксаты болууга тийиш. Азык-түлүк дүкөндөрүндө медициналык өнүмдөрдү сатууга жол берилбей, алар чекене соодалоого лицензиясы, ошондой эле, медициналык өнүмдөрдү чекене соодалоого талон-билдирмеси бар дарыканаларда гана сатылыш керек, - деп Асия Молдиманова кошумчалады.

Белгилей кетсек, мониторинг тобуна фармацевтика ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана коопсуздугун текшерүү, полиция жана экономикалык иликтөөлөр департаменттеринин өкүлдөрү кирген. Алар күн сайын дары-дармектерге, анын ичинде, коронавирус инфекциясын дарылоого жана алдын алууга керектүү каражаттарга карата бааларды негизсиз көтөрүүгө каршы күрөшүп келет.

 

Фото: coronavirus2020.kz