Казакстанда ооруканалардын жүктөмү 36% чейин төмөндөдү

Казакстанда ооруканалардын жүктөмү 36% чейин төмөндөдү

Коронавирус инфекциясынын жугуу учурларынын суткалык өсүшү өлкөдө 1,2% ашпайт. РК премьер-министринин төрагалыгы алдында өткөн Өкмөттүн селектордук жыйынында эпидемияга каршы иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү каралды. Коронавирустун жайылышы боюнча учурдагы кырдаал жөнүндө РК саламаттык сактоо министри Алейкей Цой маалымат берди.

«Учурда жалпы оору жугузгандардын 69,4% айыкты, калганы дарыланып жатат. Стационарлардын жүктөмү 36% чейин төмөндөдү», - деп белгиледи Алексей Цой.

Инфекциянын репродуктивдик көрсөткүч деңгээли жума аралыгында Атырау, Актөбе, Маңгыстау, Кызылорда, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Түркестан, Павлодар облустарында, Нур-Султан, Шымкент жана Алматы шаарларында бирден төмөн болду. Ошол эле учурда оорунун жугуу деңгээлинин бирден жогорку саны Костанай жана Акмола облустарында сакталууда. Өкмөт башчысы аталган аймактардын акимдерине эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүгө көрсөтмө берди.

«Ушул аймактарда кырдаал татаал. Ошондуктан ал аймактардын акимдерине эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү зарыл. Ооруган жарандарды дарылоо жана вирустун жайылышын төмөндөтүү боюнча интенсивдүү иштерди, анын ичинде, жарандарга санитардык ченемдерди жана карантиндик талаптарды сактоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү кампаниясын улантуу керек», - деп айтты Аскар Мамин.

Премьер-министр 126 мамлекетте оорунун жаңы өсүш санын дүйнөлүк статистика көрсөтүп жатканын белгилеп өттү.

«Ушугу байланыштуу оорунун күзүндө боло турган ыктымал толкунуна даяр болуу жана анын алдын алуунун бардык белгиленген талаптарын сактоо жана пландалган бардык чаралар комплексин жүзөгө ашыруу зарыл», - деп Өкмөт башчысы сөзүн жыйынтыктады.

 

Фото: kstati.news


×