Казакстанда бир суткада COVID-19 жуккан 1158 бейтап аныкталды

Казакстанда бир суткада COVID-19 жуккан 1158 бейтап аныкталды

Өткөн суткада Казакстанда коронавирус жугузган 1158 киши аныкталды. Алардан 555 кишиде клиникалык белгилер байкалган эмес. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Оору жугуу учурлары боюнча Нур-Султан эң алдыда – борбордо 220 бейтап аныкталды. Экинчи орунда Алматы турат – ал жакта 178 учур катталды. Андан кийин COVID-19 жугузган 124 бейтап Чыгыш Казакстан облусунда аныкталды. Жалпы өлкө боюнча катталган оору жугузуу учурларынын саны 93 миң 820 кишиге жетти.

Региондор боюнча учурдагы эпидемиологиялык кырдаал төмөндөгүдөй: 

Нур-Султан ш. - 11924 (+220)

Алматы ш. - 12464 (+178)

Шымкент ш. - 5011 (+31)

Акмола облусу - 2813 (+56)

Актөбе облусу - 3061 (+5)

Алматы облусу - 4491 (+52)

Атырау облусу - 10383 (+35)

Чыгыш Казакстан облусу - 6734 (+124)

Жамбыл облусу - 3683 (+47)

Батыш Казакстан облусу - 5990 (+61)

Караганды облусу - 8896 (+90)

Костанай облусу - 2853 (+57)

Кызылорда облусу - 3068 (+42)

Маңгыстау облусу - 2965 (+25)

Павлодар облусу - 3359 (+67)

Түндүк Казакстан облусу - 3273 (+51)

Түркестан облусу - 2852 (+17).

Белгилей кетсек, бүгүн Казакстанда оорудан айыккандардын саны 65 миң 132 кишиге көбөйдү. Өткөн 24 саат ичинде 2621 казакстандык кооптуу инфекцияны жеңе алды.

 

Фото: delo.ua