ДССУ Казакстандын COVID-19 боюнча ачык маалымат алмашуусун кубаттайт

ДССУ Казакстандын COVID-19 боюнча ачык маалымат алмашуусун кубаттайт

Комплекстүү чараларды жүзөгө ашыруу коронавируска байланыштуу Казакстандагы кырдаалдын бир аздан турукташуусуна таасирин тийгизди. Бул жарандык коомдун, саламаттык сактоо кызматкерлеринин жана Өкмөттүн биргелешкен аракетин талап кылды. Бүгүн брифингде Казакстандагы ДССУ кеңсесинин жетекчиси доктор Кэролайн Кларинваль ушуларды баса белгиледи. Ал бардык казакстандыктардын ден соолугун коргоо үчүн ДССУ РК Өкмөтү жана Саламаттык сактоо министрлиги менен активдүү иштешүүнү улантаарын билдирди.  

«Бүгүнкү күнү Казакстандын COVID-19 илдетине шектелген бейтаптар үчүн ооруну аныктоонун жаңы классификациясын пайдалануу чечимин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жогору баалайт. Бул бейтаптар коронавирус же башка оору менен ооруп жатканын аныктоого жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча маалыматтарды стандартташтыруу үчүн маанилүү кадам», - деп түшүндүрдү Кэролайн Кларинваль.

Эске салсак, өлкөдө баш оонанын 1-күнүнөн тартып коронавирустун клиникалык белгилери бар, бирок ПЧР-тест терс натыйжа көрсөткөн бейтаптар жалпы коронавирус статистикасына кошулат. Кэролайн Кларинваль билдиргендей, эсепке алуунун жаңы ыкмасы коронавирус инфекциясы көп таралган учурларды көрсөтүшү мүмкүн. Бирок адис буга карабастан реклассификациялоо эпидемиянын жүрүшүн жакшы түшүнүүгө, ресурстарды бөлүштүрүүнү, улуттук жана аймактык деңгээлде каршы чараларды көрүүнү бир кыйла так пландоого мүмкүндүк берээрине ишенет.  

«ДССУ Казакстандын маалымат алмашуудагы ачыктыгын колдойт. Вирус дагы эле бар, ал жакынкы убакта дагы биз менен болот. Биз аны жалпы аракеттер менен гана жеңип, адамдардын өмүрүн коргой алабыз. Ар бир адамдын салымы маанилүү! ДССУ бардык казакстандыктардын ден соолугун коргоо үчүн РК Өкмөтү жана Саламаттык сактоо министрлиги менен активдүү иштешүүнү улантат», - деп адис сөзүн жыйынтыктады.

 

Фото: khabar.kz