Алексей Цой: Коронавирус күчөгөн учур өттү

Алексей Цой: Коронавирус күчөгөн учур өттү

Казакстанда коронавирус оорусуна байланыштуу кырдаал турукташты. Бул жөнүндө брифингде өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнү бейтаптардын 67% коркунучтуу ооруну жеңе алды. Батыш Казакстан, Алматы Түркестан, Акмола жана Маңгыстау облустарында жана Нур-Султанда кырдаал оңолду.

«Акыркы суткада эле 672 киши бул жаман дарттан арылды. Мындай жакшы көрсөткүчтөр акырындан болсо да өсүп жатат», - деди Алексей Цой.

Эске салсак, бүгүнкүгө карата Казакстанда COVID-19 инфекциясын жугузган 92 миңден ашык учур катталган. Андан учурда 30 миңдей киши дарыланып жатат. Тилекке каршы, 1058 бейтапты сактап калууга мүмкүн болгон жок. Күн сайын өлкөдө 1400 чакты жаңы учур аныкталууда. Бирок министрдин пикири боюнча, бул көрсөткүч жакын арада төмөндөй баштайт.

«Биздин милдет бүткүл элдин, саламаттык сактоо системасынын оор сыноосу менен жетишилген позицияны сактап калуу», - деп министр белгиледи.

Аны менен бирге, Алексей Цой жалпы саламаттык сактоо системасы күзгү мезгилге даярданып жатканын кабарлады.

«Биз билебиз, биз оору күчөгөн ыктымал күзгү учурга даярданып жатабыз. Азыр жыйналып коюлган койкалар бизде резервде турат. ИВЛ-аппараттар сатылып алынууда, мобилдик көчмө медициналык комплекстер дагы даяр турат, кычкылтек концентраторлор, тесттер, жеке коргонуу каражаттары – бардыгы көзөмөлдө турат, алар дагы топтолууда, анткени бизде кырдаал толук көзөмөлдө турат. Биз күзгү мезгилден жакшы өтүп кетебиз деген реалдуу үмүтүбүз бар», - деп баса белгиледи ал.

 

Фото: 24.kz