Казакстан коронавирус менен пневмонияны чогуу эсептей баштады

Казакстан коронавирус менен пневмонияны чогуу эсептей баштады

Казакстан бейтаптарды ДССУнун соңку стандарттарына ылайык эсептей баштады. Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын статистикасын бириктирди. Бул тууралуу брифинг учурунда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой маалымдады. Бейтаптар бир тизмеге баш оонанын биринен баштап киргизиле баштады.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңеши менен биз баш оонанын 1-күнүнөн коронавирус менен пневмония статистикасын бириктирүү тууралуу чечим кабыл алдык. Эмне үчүн бул жөнүндө ДССУ теке айынын 18-күнү билдирсе, Казакстан ушул айдын башынан эсептей баштады деп көпчүлүгү сурап жатышат. Себеби бирөө эле: бизге кодировка алгоритмин жана бейтаптарды каттоого алуу тутумунун ишенимдүүлүгүн камсыздоо нускамасын иштеп чыгууга эки жумадан кем эмес убакыт керек болду. Колдонуудагы маалыматтык системаны тууралап, бүткүл өлкө боюнча медициналык персоналды маалыматтарды туура киргизүүгө окутуп чыктык», - деп Алексей Цой түшүндүрдү.

Министрдин айтымында, бул абдан татаал жана түйшүктүү жумуш. Эгерде ПЧР-тест менен аныкталган бейтаптардын маалыматы түшүнүктүү болсо, пневмонияны эсепке алуу бир кыйла татаал иш.

«Биздин алдыбызда догдурларды коронавирустук пневмония белгилерин кыска убакытта аныктоого жана каттоо системасына туура киргизүүгө үйрөтүү милдети турду. Биз аталган ишти жүргүздүк жана азыр бардык бейтаптарды ДССУнун акыркы стандарттарына ылайык каттоого алууга даярбыз», - деди министр.

Мындан тышкары, министр Казакстанда коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканын билдирди. Анын айтымында, буга санитардык катаал талаптар маанилүү таасир тийгизди. Акыркы үч жумада оору жуккан учурлар дээрлик бардык аймактарда олуттуу төмөндөгөн. 

«Биз Казакстанда коронавируска байланыштуу кырдаал турукташты деп толук ишенимдүүлүк менен айта алабыз. Эң күчөгөн учур өттү жана биздин максат биздин элдин, бүткүл саламаттык сактоо тутумунун оор сыноолору менен жетишилген позицияны сактоо», - деди А.Цой.

Оң жылыштар медициналык тез жардам берүү чөйрөсүндө дагы байкалууда. Эгерде кулжа айынын соңунда өлкөдө дарыгер чакыруу 30 миңге жетсе, акыркы эки жумада бул көрсөткүч эки эсеге төмөндөдү.

«Бүгүнкү күнү стационарлар болгону 34 пайызга толгон. Бул биз 48 миң 997 орунга чейин көбөйткөн койка фондунун эсебинен дагы жетишилди. Казакстандын жети аймагында 1980 орундуу 15 стационар жабылды жана профили өзгөртүлдү», - деп жыйынтыктады Алейксей Цой.

 

Фото: dailynews.kz