Казакстандык окумуштуу коронавирус вакцинасын өзүнө сынады

Казакстандык окумуштуу коронавирус вакцинасын өзүнө сынады

Казакстандык окумуштуу Кайсар Табынов COVID-19 вакцинасын биринчи жолу өзүнө сынады. Жалпы иш үчүн тобокелге барган адам КазУАУ алдындагы Эл аралык вакцинология борборунун мүдүрү. Ал өзүнө сайган эмдөө каражаты Австралияда даярдалган. Мында буга чейин белгилүү COVAX-19 вакцинасы жөнүндө сөз болуп жатат. Эске салсак, австралиялык компания коронавируска каршы вакцинаны клиникалык сыноонун 1-фазасын өз өлкөсүндө 40 ыктыярчыга жүргүзүүдө. Алгачкы жыйынтыктар жаман эмес.    

«3 айдан кийин глобалдык клиникалык сыноонун 2-3-фазасын баштоо мерчемделүүдө, ал сыноого 10 мамлекеттен 30-100 миң ыктыярчы катышат. Биздин өлкө дагы ошол жараянга кошулду жана аны менен өзүбүздү бөтөнчө вакцина менен арзан баада камсыздоо артыкчылыгына ээ болдук деп үмүттөнөм», - деди КазУАУ алдындагы Эл аралык вакцинология борборунун мүдүрү  Кайсар Табынов.

Жалпысынан казакстандык ыктыярчыда эч кандай терс таасирлер байкалган жок. Эмдөө алаардан мурда Кайсар Табынов кылдат изилдөөдөн өтүп, ден соолугунун абалын текшерткен.

«Ден соолугумду толук текшерттим. Кандын биохимия жана гематология анализине, COVID-19га карата ПЧР жана ИФА изилдөө жүргүзүп, ВИЧ, Б жана С гепатитине текшерилип, жалпы аллергиялык IgE антитела жана башка изилдөөлөрдөн толук өтүп, дарыгердин корутундусунан кийин COVAX-19 каражатынан эмдөө алдым. Учурда өзүмдү эң сонун сезип турам, эч кандай олуттуу өзгөрүүлөр аныкталган жок», - деп белгиледи борбордун мүдүрү.

Адистер бул тажрыйба эмне үчүн керек болгонун түшүндүрүштү. Кайсар Табыновдун айтымында, буга бир нече себептер болгон. Биринчиден, вакцинанын коопсуздугун жана иммуногендүүлүк сапатын текшерүү керек болчу, анткени аны казакстандыктарга колдонууну өнөктөш окумуштуулар сунуштап жатат. 

Экинчиден, COVAX-19 вакцинасынын курамындагы Advax-CpG адъювантынын дараметин баалоо керек болгон. Окумуштуулар азыр аллергиялык ринит жана бронхалык астмага атайын иммунотерапия жасоонун жаңы ыкмасы иштелип жатканын айтышкан.

 

Фото: rus.azattyq-ruhy.kz