Казакстанда бир суткада 1069 адамга коронавирус жукту

Казакстанда бир суткада 1069 адамга коронавирус жукту

Өткөн сутка ичинде Казакстанда коронавирус жуккан 1069 учур аныкталды. Андан 499 учурунда клиникалык белгилер жок. Бул тууралуу Республиканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Эң көп ооругандар Нур-Султанда – 221 киши болду, экинчи орунда Алматы турат – ал жакта 207 учур катталды. Андан кийин оору жуккан 102 учур Чыгыш Казакстан облусунда аныкталган. Жалпы өлкө боюнча катталган оору жугузуу учурларынын саны 92 миң 662 кишиге жетти.

Аймактар боюнча учурдагы эпидемиологиялык кырдаал төмөндөгүдөй: 

Нур-Султан ш. - 11704 (+221)

Алматы ш. - 12286 (+207)

Шымкент ш. - 4980 (+31)

Акмола облусу - 2757 (+57)

Актөбе облусу - 3056

Алматы облусу - 4439 (+33)

Атырау облусу - 10348 (+30)

Чыгыш Казакстан облусу - 6610 (+102)

Жамбыл облусу - 3636 (+48)

Батыш Казакстан облусу - 5929 (+69)

Караганды облусу - 8806 (+88)

Костанай облусу - 2796 (+58)

Кызылорда облусу - 3026 (+7)

Маңгыстау облусу - 2940 (+12)

Павлодар облусу - 3292 (+30)

Түндүк Казакстан облусу - 3222 (+55)

Түркестан облусу - 2835 (+21).

Ошондой эле, 24 саат ичинде республикада 672 киши айыгып чыкты. Жалпы Казакстанда оорудан айыккандардын саны 62 миң 511 кишини түздү.

 

Фото: infomir.kg