Белгилүү нейрохирург М. Бердыкожаев: карантинди акырындык менен жеңилдетүү аркылуу эки аптага узартуу туура чечим

Белгилүү нейрохирург М. Бердыкожаев: карантинди акырындык менен жеңилдетүү аркылуу эки аптага узартуу туура чечим

«Коронавирустук инфекцияны дарылоо менин негизги кесибим болбосо да, калкты жалган маалыматтардан коргоо үчүн билгендеримди элге айтуу жарандык милдетим», - дейт белгилүү нейрохирург жана Казакстандын 100 жаңы ысымы долбоорунун жеңүүчүсү Мынжылкы Бердыкожаев. Ал өлкөдө кооптуу инфекция тарап баштагандан бери калкка маанилүү жана пайдалуу кеңештерди берип келет. Бердыкожаев президент Касым-Жомарт Токаевдин карантин чараларын акырындык менен жеңилдетип, эки жумага узартуу жөнүндөгү буйругун толугу менен колдойт. Буга чейин болгон абал кайрадан кайталанышына жол бербөө үчүн калкты катуу чараларды көрүүгө чакырат. Аны менен дарыгер алдыдагы күз мезгилине кезектеги толкунга болжол жасап, кандай витаминдерди ичип, организмди коронавируска жана мезгилдик сасык тумоого каршы турууга кандай даярдыктарды көрүшү керектигин айтты.

«Жай мезгилинде дарыгериңиз Д витаминин ичүү керек деп айтпаса, колдонбогон туура. Себеби, жайында биз D витаминин күн нурунан алабыз. Эгерде бул витаминди ашыкча ичсеңиз денеңизге өзүңүз зыян келтирип аласыз. Экинчиден, мурун лимон, бал жана имбирь менен чай ичип жүрсөңүз, анын зыяны жок деп айткым келет. Башкача айтканда, уланта бериңиз. Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, аны белгилүү дарылар менен 3-4 күндүн ичинде түшүргөн болсоңуз, андан ары дары колдонбоңуз. Организмдин өзү күрөшкөнү жакшы. Ушул күндөрү жылкынын этин жана сүтүн жеп-иче бериңиз деп кеңеш берем. Жылкынын эти менен сүтүнөн ашкан эч нерсе жок. Андыктан азыр пайдалангыла. Күзүндө эпидемиянын дагы бир толкуну келип чыкса, организмдеги витаминдер менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн ушул кеңештерди колдонушуңуз керек. Таза абада спорт менен машыгууну да унутпаңыз», - деп билдирди Мыңжылкы Бердыкожаев.

Ошондой эле, серепчи күз мезигилиндеги дагы бир толкундун калкка кыйынчылык жаратпашы үчүн той-топур, сөөк коюу жөрөлгөлөрүно, жыйындарга кескин түрдө барбоого кеңеш берет.

«Буга чейинки абал биз үчүн чоң сабак болушу керек», - дейт дарыгер.