Казакстанда дагы 1177 адам илдеттен айыгып чыкты

Казакстанда дагы 1177 адам илдеттен айыгып чыкты

Өлкөдө кооптуу инфекциядан айыгып чыккандардын саны 57 миң 815 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде илдеттен айыккан 1177 адам ооруканадан чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы бир суткада өлкөдө 1472 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Алардын ичинен 644 адам клиникалык белгилери жок вирус ташып жүрүүчү экендиги аныкталды.

Оорунун көпчүлүк учурлары Нур-Султан шаарында аныкталган. Акыркы сутка ичинде борбор калаада 226 COVID-19 учуру катталды. Экинчи орунда - Чыгыш Казакстан облусу. Бир күндө 211 адамдан кооптуу инфекция аныкталган. Алматыда 208 учур тастыкталды. Республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын жалпы саны 87 миң 664 адамды түздү.

Аймактардагы абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 10796 (+226)

Алматы - 11444 (+208)

Шымкент  - 4839 (+55)

Акмола облусу - 2532 (+59)

Актөбе - 3004 (+24)

Алматы облусу - 4257 (+69)

Атырау  - 10175 (+64)

Чыгыш Казакстан облусу - 6075 (+211)

Жамбыл - 3443 (+52)

Батыш Казакстан  - 5639 (+79)

Караганды  - 8412 (+107)

Костанай - 2549 (+67)

Кызылорда - 2913 (+54)

Маңгыстау  - 2836 (+44)

Павлодар  - 3052 (+65)

Түндүк Казакстан облусу - 2977 (+65)

Түркестан - 2721 (+23).

 

Фото: iz.ru