Казакстанда дагы 2234 адам коронавирустан айыкты

Казакстанда дагы 2234 адам коронавирустан айыкты

2234 казакстандык коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты. Кооптуу эпидемия күчөгөндөн бери жергиликтүү дарыгерлер 56 миң 638 адамды оорудан сактап калышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы бир суткада өлкөдө 1544 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Алардын ичинен 760 адам клиникалык белгилери жок вирус ташып жүрүүчү деп табылды.

Оорунун көпчүлүк учурлары Алматыда аныкталган. Өткөн күнү түштүк шаарында COVID-19 илдети боюнча 271 учур катталды. Экинчи орунда - Нур-Султан шаары. Борбор калаада бир суткада 250 адамдан коркунучтуу инфекция аныкталган. Аймактар арасында бейтаптардын эң көп саны Чыгыш Казакстанда (+193) жана Караганды облусунда (+129) катталган. Республика боюнча COVID-19 бейтаптарынын саны – 86 миң 192.

Аймактардагы абал төмөнкүдөй:

Нур-Султан - 10570 (+250)

Алматы - 11236 (+271)

Шымкент - 4784 (+51)

Акмола облусу - 2473 (+51)

Актөбе - 2980 (+22)

Алматы облусу - 4188 (+73)

Атырау  - 10111 (+58)

Чыгыш Казакстан - 5864 (+193)

Жамбыл - 3391 (+52)

Батыш Казакстан - 5560 (+80)

Караганды  - 8305 (+129)

Костанай - 2482 (+65)

Кызылорда - 2859 (+52)

Маңгыстау  - 2792 (+49)

Павлодар  - 2987 (+50)

Түндүк Казакстан - 2912 (+63)

Түркестан - 2698 (+35).

 

Фото: kapital.kz