ДССУ: Коронавирус илдети кайрадан тутанышы мүмкүн

ДССУ: Коронавирус илдети кайрадан тутанышы мүмкүн

Коронавирус кырдаалы кайрадан курчушу мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү Женевада өткөн брифингде билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эпидемиянын кайра жанданышына конкреттүү далилдерди келтирди. Мисалы, вирус кээ бир жерлерде агрессивдүү жайылганы менен, кээ бир жерлерде илдеттин жаңы учурлары өтө төмөн, ал эми кээ бир өлкөлөрдө эпидемияны жеңгендей көрүнгөнү менен жаңы учурлар пайда болууда.

«Эч бир өлкө карантинге кайткысы келбей турганы айдан ачык. Анын экономикалык жана башка кесепеттери жетиштүү. Бирок вирус кандайча жайылып кеткенин түшүнгөндөн кийин, ага жооп чараларды колдоно алабыз. Бул нейрохирургиядагы жагдайга окшош: мээге операция жасалганда, хирургдар көйгөй катылган жерге жетиш үчүн микроскопторду колдонгон сыяктуу», - деди ДССУ өзгөчө кырдаалдар боюнча аткаруучу мүдүрү  Майк Райан.

Анын айтымында, көрүлүп жаткан чаралар так жана системалуу болууга тийиш - эгерде көрсөтмөлөр эки саат сайын өзгөрүлүп турса, бул калк үчүн өтө оор жана адамдарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. ДССУ кайсы бир этапта алардын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн конкреттүү чараларды көрүүнү сунуштайт.

Майк Райан көйгөйдү жашырууга аракет кылган өлкөлөрдүн аракеттерин айыптады.

«Бийликтер үчүн чыныгы абалды жашыруу же жакшы көрүнүүгө аракет кылуу бир топ коркунучтуу. Өлкөлөр мага чыныгы абалды айтып, оорунун жайылышын ооздуктоо үчүн чараларды көрүшүн каалайм», - деп кошумчалады ал.

Кытайда коронавирустун таралышына байланыштуу 6 миллион адам тесттен өтөт

ДССУ бул эскертүүнүн негизсиз экендигин далилдөөгө аракет кылып, Кытайда кайрадан жугуштуу оорулардын саны көбөйдү. Далянь шаарында SARS-CoV-2 коронавирусун жуктурган адамдардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу бийлик шаардагы 6 миллион кишинин бардыгын текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы билдирди. Бийлик шаардын ар бир тургунунан төрт күндүн ичинде сынама алат. Айрым жерлерде тестирлөө эки жолу өткөрүлөт.

Бул жолу деңиз азыктарын чыгаруучу компаниясы вирустун очогуна айланды. Далянь шаарында оорунун белгилери жок жуктурган адамдар вирусту башка төрт провинциянын жети шаарына тараткан.

Акыркы сутка ичинде Кытайда жалпысынан 102 адамдан илдет аныкталды. Алардын 34ү инфекция алып жүрүүчүлөр. Бүгүнкү күнгө чейин COVID-19 өлкөдө 86 миң 780ден ашык адамда ырасталса, 4656 бейтап көз жумган.

Европа коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярданууда

Европа өлкөлөрү айрым чектөөлөрдү кайрадан киргизүүгө даярданып жатат. Мисалы, Каталония бийлиги эгер вирус кийинки 10 күндүн ичинде көзөмөлгө алынбаса, «локдаун»  чаралары дагы киргизилет деп билдирди. Акыркы эки жумада Каталонияда 8000ге жакын жаңы учур катталган.

Германияда акыркы эки жумада COVID-19 оорусу көбөйдү. Өлкөнүн саламаттык сактоо органдары буга тынчсызданууда. Ага байланыштуу Саламаттык сактоо министри Йенс Спан иммигранттар үчүн милдеттүү тесттен өтүүнү киргизди.

Белгилей кетсек, Германияда вирус жуккан адамдардын саны күнүнө 600дөн ашат. Ошентип, Робет Кох Институтунун статистикалык маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 207 миң 112 адам илдетке чалдыккан.

Ал эми Францияда вирус жуккан жаштардын саны кескин өстү. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги жаштардан санитардык нормаларды сактоону, бет кап тагынууну жана социалдык аралыкты сактоону талап кылды.

Грецияда беп кап тагынуу талабы супермаркеттерде гана эмес, бардык жабык жайларда да киргизилиши мүмкүн. Өкмөттүн өкүлү Стелиос Петсас чиркөөлөргө маска тагынуу дагы убакыттын талабы экендигин түшүндүрдү. Күн сайын инфекциянын өлкөдө жайылышына байланыштуу коомдук транспортто маска тагынуу милдеттүү болгон. Мыйзамды бузгандарга 150 евро айыппул салынат.

Бельгияда экинчи толук обочолонуу чарасы киргизилиши мүмкүн. Бельгиянын Улуттук Коопсуздук Кеңеши дүйшөмбү күнү жыйын курду. Алты саатка созулган талкуудан кийин Кеңеш COVID-19 эпидемиясына каршы чараларды жарым-жартылай күчөтүүнү чечти. Премьер-министр Софи Вилмес Брюсселдеги кеңешме жыйынынан кийин өткөргөн маалымат жыйынында эпидемиологиялык маалыматтар тынчсызданууну жаратып жаткандыгын жана өлкө жетекчилиги кырдаалды көзөмөлдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын айтты.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 188 мамлекетте коронавирусту жуктурган адамдардын саны 16 миллион 482 миң 592 кишиге жеткен. 654 миң 103 бейтап вирустун курмандыгы болду. Америка Кошмо Штаттары дагы эле инфекциянын таралышы жана өлүмгө учурашы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Бүгүнкү күнгө чейин бул жерде 4 миллион 290 миң 263 адамдан COVID-19 илдети аныкталган. 148 миң 11 бейтап эпидемиянын айынан көз жумду.

 

Фото: dw.com


×