Казакстанда КВИ илдетин жуктуруу 29% азайды

Казакстанда КВИ илдетин жуктуруу 29% азайды

Казакстанда коронавирустук инфекцияга жарандардын кабылуу деңгээли төмөндөп баратат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой Өкмөттүн катуу карантиндик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча отурумунда билдирди.

«Катуу карантиндик чаралар киргизилгенден кийинки үч жумада, башкача айтканда, теке айынын 5нен баштап 35 миң 951 КВИ учуру катталды. Жалпысынан катуу чектөө чаралары киргизилгенден кийин катталган учурлардын саны 29%га кыскарган. Учурда COVID-19 инфекциясы боюнча кырдаал күнүнө орто эсеп менен 1600 адамга турукташты. Мындан тышкары, керебеттердин 43%, ал эми жандандыруу бөлүмүндөгү  орун 27% бошоду. Илдет жуктургандардын арасында сакайып чыккандардын катары 63%га көбөйдү», - деди Алексей Цой.

Министрдин айтымында, карантин аяктагандан кийин, башкача айтканда, баш оона айынын үчүнөн тарта бир катар объекттер иштей баштайт. Бул үчүн бет кап тагынып, социалдык аралыкта санитардык жана дезинфекциялык режимдин талаптарын сактоо керек. Мындан тышкары, жуманын ичинде инфекциянын жайылышы турукташып, орундардын 70 пайызы бошотулушу керек.

«Эгерде мындай шарттар сакталса көңүл ачуу борборлору, соода борборлору, соода түйүндөрү, жабык тамак-аш жайлары жана азык-түлүк эмес базарлар чектелген убакытта жана мөөнөттө ачылат. Ошондой эле, балдардын коррекциялык бөлмөсү, билим берүү борборлору, балдарды өнүктүрүү борборлору, топтук клубдар (беш баладан ашык эмес) иштейт. Балдардын мектепке чейинки мекемелеринде кезметчиликте иштөөгө уруксат берилет. Сулуулук салондору, чач тарачтар, косметикалык тейлөө борборлору алдын ала жазылуу боюнча иш алып барат», - деди ал.

Бирок мамлекеттик кызматкерлердин жана кеңсе кызматкерлеринин 80 пайызы үчүн аралыктан иштөө тартиби күчүндө калды. Массалык иш-чараларды өткөрүүгө да азырынча эрте.

«Баш оона айынын үчүнөн кийин: коомдук чогулуштар, көңүл ачуучу жайлар, кинотеатрлар жана тамак-аш короолору жана банкет залдарынын иштешине тыюу салынат. Ресторандар жана барлар, түнкү клубдар жана оюн клубдары азырынча ачылбайт. Маданий жайлардын жана музейлердин иши жанданбайт. Конференциялар, көргөзмөлөр, форумдар өткөрүлбөйт. Спортзал, фитнес-борборлор, бассейн жана суу парктары, диний жайлар иштебей турат. Жүргүнчү поезддер (жумушчу поезддерди, трамвайларды эске албаганда) жана шаардык автобустар каттабайт», - деди Алексей Цой.

Ошондой эле, көчөлөргө, парктарга, аянттарга жана жээкте жүргөндө үчтөн ашык киши чогулууга болбойт. Сергек жашоо мүнөзүн сактоо маанилүү. Бирок сыртта спорт менен алектенүү белгиленген талаптарга ылайык келүүсү керек.

«Спорттун форматы боюнча социалдык аралыкты сактоо менен ачык асмандагы жеке жана топтук көнүгүүлөргө жол берилет. Улуттук курама командаларга 30дан ашык кишини машыктырууга уруксат берилет», - деп кошумчалады министр.

Шаар тургундары үчүн дагы бир жакшы жаңылык: баш оона айынын үчүнөн тарта коомдук транспорттордун иши, жүргүнчүлөрдүн убактысын жана санын 50% чектөө менен жанданат. Мында бет капты тагынууну, санитардык жана дезинфекциялык режимди жана өткөргүчтөрдүн катышуусун сактоо керек. Бул талаптарды белгилеп, Алексей Цой жарандарга коомдогу коопсуздук жана гигиеналык чараларды катуу сактоого чакырды.

 

Фото: primeminister.kz