Казакстанда COVID-19 илдетинен 54 миң 404 адам айыгып чыкты

Казакстанда COVID-19 илдетинен 54 миң 404 адам айыгып чыкты

Акыркы сутка ичинде Казакстанда 1833 адам коронавирустук инфекциядан айыгып чыкты. Ошентип, өлкөдө кооптуу илдеттен айыккандардын саны 54 миң 404 адамды түздү. Мындан тышкары, акыркы сутка ичинде 1526 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Алардын ичинен 656 клиникалык белгилери жок вирус ташып жүрүүчү деп табылды. Жалпы өлкө боюнча бейтаптардын саны 84 миң 648 адамды түзөт.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан - 10320 (+250)

Алматы - 10965 (+253)

Шымкент  - 4733 (+25)

Акмола облусу - 2422 (+52)

Актөбе - 2958 (+11)

Алматы облусу - 4115 (+85)

Атырау - 10053 (+65)

Чыгыш Казакстан облусу - 5671 (+179)

Жамбыл - 3339 (+51)

Батыш Казакстан - 5480 (+86)

Караганды  - 8176 (+118)

Костанай - 2417 (+63)

Кызылорда - 2807 (+69)

Маңгыстау  - 2743 (+44)

Павлодар - 2937 (+57)

Түндүк Казакстан - 2849 (+70)

Түркестан - 2663 (+48).

 

Фото: pnp.ru