COVID-19: дүйнөдө илдетке чалдыккандардын саны 16 миллиондон ашты

COVID-19: дүйнөдө илдетке чалдыккандардын саны 16 миллиондон ашты

Дүйнөдө COVID-19 менен ооруган адамдардын саны азая элек. Бирок айрым өлкөлөр акырындык менен чектөөлөрдү алып жатышат. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө вирус жуктурган адамдардын саны 16 миллиондон ашты.

АКШ дале COVID-19 жуктуруп алган ондуктун сап башында. Мында 4 миллион 234 миң 20 адам коронавирус жуктурган. Бүгүнкү күнгө чейин 146 миң 935 бейтап инфекциянын курмандыгы болду.

Бразилияда - 2 419 091 вирус жуктурган, 87 004 көз жумду;

Индияда - 1 435 616 вирус жутурган, 32 771 каза тапты;

Орусияда - 811 073 вирус жуктурган, 13 249 көз жумду;

Түштүе Африкада - 445 433 вирус жуктурган, 6769 көз жумду;

 

Мексикада - 390 516 вирус жуктурган, 43 680 каза тапты;

 

Перуда - 375 961 вирус жуктурган, 17 843 көз жумду;

Чилиде - 345 790 вирус жуктурган, 9112 көз жумду;

 

Улуу Британияда - 301 020 вирус жуктурган, 45 837 каза тапты;

Иранда - 291 172 вирус жуктурган, 15 700 көз жумду.

 

Испанияда кошумча чектөөлөр киргизилди

Испанияда COVID-19 инфекциясы аныкталган учурлардын көбөйүшүнө байланыштуу бийлик кайрадан чектөөлөрдү киргизүүдө. Мындай чаралар бийликтин эпидемиянын экинчи толкунунан чочулоосуна байланыштуу. Өткөн жума күнү Испаниянын Саламаттык сактоо министри Сальвадор Илия өткөн суткада Барселонада 900дөн ашык адам илдетке чалдыкканын айтты. Алардын арасында ферманын көптөгөн кызматкерлери, айрыкча түнкү клубдарга баргандар бар.Эпидемиянын жайылышын токтотуу үчүн Каталан бийлиги аймактагы бардык түнкү клубдарды жана бий аянтчаларын жабуу боюнча чечим кабыл алды. Ошондой эле, үй-бүлөлүк чогулуштар жана дос, туугандар менен жолугушууда вирус жуктургандардын катары көбөйгөн.

Жакынкы күндөрү Мадридде чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Испаниянын баш калаасынын бийлиги тургундардан масканы сыртка чыкканда гана эмес, коноктор, кошуналар же курьерлер келгенде үйдө тагынууну да суранышты. Тургундарга жакында барларга жана ресторандарга келүүчүлөрдүн санына чектөө коюлары эскертилди. Белгилей кетсек, Испаниянын Мурсия провинциясындагы Тотана чакан шаарында 55 адамга инфекция жуккандан кийин шаар карантинге алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бардык жуктурган адамдар түнкү клубда болгон.

Франция: 16 өлкөдөн келген жарандар тест тапшырууга тийиш

Бешинчи республиканын премьер-министри Жан Кастекс Францияга АКШдан, Бразилиядан, Алжирден, Бахрейнден, Израилден, Индиядан, Түштүк Африкадан, Кувейт, Катар, БАЭ, Оман, Панама, Перу, Сербия, Түркия жана Мадагаскардан келген туристтер милдеттүү түрдө коронавируска каршы тесттен өтүшү керектигин билдирди. Бул милдеттенме ушул өлкөлөрдөн келген француз жарандарына же Францияда жашаган аталган өлкөнүн жарандарына гана тиешелүү. Себеби, 16 мамлекеттин жарандарына Францияга кирүүсүнө тыюу салынган. Ал эми тест оң натыйжа көрсөткөндөр эки жумага карантинге алынат. Мындай катаал чечим өлкөдө COVID-19 оорусунун өсүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Франциянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы күндөрү күн сайын миңге жакын жаңы учур катталып жатат. Мындан тышкары, Франциянын бийлиги өлкөнүн жарандарына мүмкүн болушунча Каталонияга баруудан баш тартууга кеңеш берди.

Түштүк Корея: Орусия деңизчилери коронавирус жуктурду

Акыркы сутка ичинде Түштүк Кореяда 113 адам коронавируска чалдыккан. Бул акыркы 3 айдагы эң жогорку көрсөткүч. Белгилей кетсек, эпидемиянын курмандыктарынын катарында Түштүк Кореянын Пусан портуна келген орусиялык «Пётр Первый» балык кемесинин кеминде 23 деңизчиси бар. Ошондой эле, жакында Ирактан 293 түштүк кореялык кайтып келген. Алардын көпчүлүгүнө COVID-19 диагнозу коюлган.

Англияда бассейн жана фитнес клубдар ачылды

Өткөн ишембиден бери Англияда жабык бассейндер, фитнес клубдар жана башка спорттук имараттар ачыла баштады. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү спортзалдардын үчтөн бир бөлүгү кандайдыр бир себептерден улам жабылып, каржылык каатчылыктан улам кайрадан калыбына келе албай турганы жарыяланды. Бирок жумушун жандандырган объекттер катуу санитардык нормаларды сактоого тийиш. Ушундан улам залга бир эле мезгилде келүүчүлөрдүн саны чектелип, бардык келүүчүлөр жана кызматкерлер социалдык аралыкты сакташы керек. Мындан тышкары, клубдарда желдетүү тутуму ишке кошулушу зарыл. Эске салсак, Англияда ачык спорттук имараттар теке айынын төртүнөн бери иштей баштады.

Түндүк Ирландияда да спорт залдар да ачылган, ал эми Уэльсте жана Шотландияда тескерисинче обьектилер жабык. Ошол эле учурда, Улуу Британиянын бийлиги өлкө тургундарына ашыкча салмак COVID-19 оорусунан айыгууга терс таасирин тийгизээрин дагы бир жолу эскертти.

 

Фото: interfax.ru