Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 83 миңден ашты

Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 83 миңден ашты

Акыркы сутка ичинде өлкөдө 1402 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Алардын ичинен клиникалык белгилери жок 589 вирус ташып жүрүүчү катталды, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги. Инфекцияга чалдыккандардын эң көп саны борбор калаада: вирус бир эле учурда 292 адамдан аныкталды. Андан кийин Алматы шаары (221) жана Караганды (106) облусу турат. Жалпы өлкө боюнча бейтаптардын саны 83122 адамды түзөт.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан шаары - 10070 (+292)

Алматы - 10712 (+221)

Шымкент - 4708 (+54)

Акмола облусу - 2370 (+56)

Актөбе- 2947 (+25)

Алматы облусу - 4030 (+38)

Атырау - 9988 (+37)

Чыгыш Казакстан облусу - 5492 (+171)

Жамбыл - 3288 (+52)

Батыш Казакстан  - 5394 (+88)

Караганды - 8058 (+106)

Костанай - 2354 (+58)

Кызылорда - 2738 (+8)

Маңгыстау - 2699 (+45)

Павлодар - 2880 (+54)

Түндүк Казакстан - 2779 (+74)

Түркестан - 2615 (+23).

Аны менен катар эле, өлкөдө илдетти жеңип чыккандардын саны да көбөйүүдө. Ушул күнгө чейин 52 миң 571 адам коронавирустан айыкты.

 

Фото: nur.kz