ДССУ: дүйнө боюнча катталган COVID-19 учурларынын тең жарамы үч өлкөгө тиешелүү

ДССУ: дүйнө боюнча катталган COVID-19 учурларынын тең жарамы үч өлкөгө тиешелүү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус дүйнө боюнча коронавирус жуктургандардын тең жарымы АКШ, Бразилия менен Индия өлкөлөрүндө катталганын маалымдады.

«Бардык өлкөлөрдө катталганы менен негизги бөлүгү бир нече мамлекетте өрчүп турганын көрүп жатабыз», - дейт уюм башчысы.

Коронавирустук инфекциянын үчтөн эки бөлүгү дүйнөнүн 10 өлкөсүнө тиешелүү. Гебреисустун айтымында, эпидемия менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорунун бири - калктын илдетке каршы жигердүүлүгүн жогорулатуу.

«Биз бардык адамдарды бара турган жерлерине, жолуга турган адамдарына,  жасап жаткан иш аракеттерине байланыштуу чечим кабыл алып, башкалардын ден соолугу менен коопсуздугуна жоопкерчилик менен кароого чакырабыз», - дейт Тедрос Аданом Гебреисус.

Ошондой эле, ДССУ  коронавируска каршы массалык эмдөө мөөнөтүн белгиледи.

Уюмдун аткаруучу мүдүрү Майк Райандын айтымында, вакцинаны жапырт колдонуу үчүн 2021-жылдын башына чейин күтүүнүн кажети жок. Анын айтымында, учурда бир нече дары сынактан өтүп жатат. Изилдөөчүлөр коронавирустук вакциналарды иштеп чыгууда олуттуу ийгиликтерге жетишкен.

Жакында эле америкалык Pfizer компаниясынын препараты клиникалык сыноолордон ийгиликтүү өтүп кетсе, калкты вакцинациялоо үчүн колдонула турганы маалымдалды. АКШнын президентинин администрациясы Pfizer жана Германиянын BioNTech биотехнология компаниясына 100 миллион дозаны өндүрүү үчүн 2 миллиард доллар төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди.

Кытай Sinopharm компаниясы дагы жыл аягына чейин вакцинаны чыгарууну көздөп жатканын билдирди. Анын лидери Лю Цзиньчэн акыркы сыноолордун жыйынтыктары жакынкы үч айдын ичинде чыгышы мүмкүн экенин маалымдады.

 

Фото: eadaily.com