49 миң 488 казакстандык коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты

49 миң 488 казакстандык коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты

Акыркы сутка ичинде Казакстанда 1268 адам коронавирус инфекциясынан айыкты. Пандемия башталгандан бери дарыгерлер 49 миң 488 казакстандыкты оорудан аман алып калышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы бир суткада өлкөдө 1687 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Алардын ичинен 776 адам клиникалык белгилери жок вирус ташып жүрүүчү деп табылды.

Көпчүлүк учурлар Алматы (+247), Чыгыш Казакстан (+216), Атырау (+180) жана Нур-Султан (+175) шаарларында катталган. Өлкөдө COVID-19 бейтаптарынын саны 78 миң 486 адамды түздү.

Аймактардагы абал төмөндөгүдөй:

Нур-Султан - 9243 (+175)

Алматы - 10098 (+247)

Шымкент  - 4576 (+22)

Акмола облусу - 2210 (+49)

Актөбе - 2874 (+32)

Алматы облусу - 3880 (+78)

Атырау - 9710 (+180)

Чыгыш Казакстан облусу - 4914 (+216)

Жамбыл - 3122 (+75)

Батыш Казакстан - 5120 (+89)

Караганды - 7681 (+140)

Костанай - 2177 (+54)

Кызылорда - 2626 (+85)

Маңгыстау - 2519 (+75)

Павлодар - 2644 (+61)

Түндүк Казакстан - 2540 (+89)

Түркестан - 2552 (+20).

 

Фото: liter.kz