Казакстанда коронавирусту дарылоонун жаңы протоколу иштелип чыгууда

Казакстанда коронавирусту дарылоонун жаңы протоколу иштелип чыгууда

Казакстанда коронавирус инфекциясын дарылоо боюнча протокол дагы өзгөрөт. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги 12-протоколду даярдап жатат. Бул тууралуу Алексей Цой «Хабар 24» телеканалына берген маегинде билдирди. Мекеме башчысынын айтымында, жаңы протоколдо жергиликтүү дарыгердин көзөмөлү менен үйдө дарыланууга арналган дары-дармектер эске алынат. Эске салсак, буга чейин дарыгерлер 11-протокол боюнча иштеп келишкен. Бул документте вируска каршы терапия кайрадан каралып чыгат. Өзгөрүүлөр дүйнөлүк тажрыйбага негизделген.

«Биз дарылоонун ыкмасын өзгөрттүк. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуп, ушул багыт боюнча жүрүп жатабыз. Азыр бардык дары-дармектерди жана үлгүлөрдү алып жатабыз», - деди Алексей Цой.

Саламаттык сактоо министри социалдык медициналык камсыздандыруу фондунун иши ачык жана айкын боло турганын билдирди. Алексей Цойдун айтымында, министрликтин алдында атайын коомдук кеңеш түзүлөт. Демек, анын мүчөлөрү кемчиликтерди аныктайт. Фонддун каржысы жана операциялары жөнүндө маалыматтар ачык болушу керек. Жаңы дайындалган жетекчиге ушундай тапшырма берилди. Мындан тышкары, фондду натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулат. Бүгүнкү күндө чыгымдардын планы кайра каралып, 1 миллиард 300 миллион теңгенин максаты өзгөртүлдү.

«Тиешелүү мекемелер фонддун иши боюнча иликтөө иштерин баштады. Келечекте биз атайын коомдук кеңеш түзүп, бул маселеге көңүл бурабыз. Фонддун иши жөнүндө маалымат баарына жеткиликтүү болушу керек. Аны жашыруунун эч кандай мааниси жок. Тескерисинче, кетирилген каталарды өз убагында аныктап, аларды оңдоп койсо туура болот деп эсептейбиз», - деди Алексей Цой.

Мындан тышкары, министр карантин чараларын жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө айтып берди. Башкача айтканда, бул иш этап-этабы менен жүргүзүлөт. Тактап айтканда, ар бир аймакта эпидемиологиялык кырдаал эске алынат жана тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Эгер кырдаал оңолсо, бала бакчалар жана балдар борборлору иштөөгө уруксат берилет. Мындан тышкары, коронавирус менен ооруган адамдарды кайрадан жакшыртууга арналган атайын программа иштелип чыгууда. Алексей Цой бул иш үчүн медициналык камсыздандыруу фонду жооптуу экендигин кошумчалады.

 

Фото: ktk.kz


×