Дүйнөдө COVID-19 аныкталгандардын саны 15 миллиондон ашты

Дүйнөдө COVID-19 аныкталгандардын саны 15 миллиондон ашты

Рейтерс агенттигинин билдиришинче, пандемия күчөгөн сайын өлкөлөр каатчылыкка каршы ар кандай чараларды колдонуп жатканына карабай, дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетинин тастыкталган учуру 15 миллиондон ашты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бул көрсөткүч жыл сайын сасык тумоого каршы олуттуу инфекция санынан кеминде үч эсе көп. Ошол эле учурда, дүйнөдө COVID-19дан каза болгондордун саны  жети айдын ичинде  616 миңге жетип, жыл сайын сасык тумоодон көз жумгандардын жогорку чегине жакындап калды.

Рейтерс агенттигинин расмий маалыматтарга таянып кабарлашынча, дүйнө жүзүндө жаңы инфекцияны жуктуруулардын саны басаңдаган жок.

Үчтүн айынын башында Кытайдын Ухань шаарында COVID-19 илдетинин биринчи учуру катталган соң 15 жуманын ичинде дүйнөдө ооруга чалдыккандардын саны 2 миллионго жеткен. Теке айынын 13дө бул көрсөткүч 13 миллион адамга көбөйүп, бир жумадан кийин 15 миллион адамдан ашты.

Ошол эле учурда, саламаттык сактоо боюнча серепчилер көпчүлүк учурда, айрыкча, тестирлөө мүмкүнчүлүгү чектелген өлкөлөрдө инфекциянын таралышы жана андан каза болгондордун статистикасын жашырып жаткандыгын белгилешет.

Илдет жуктуруу учурларынын алдыңкы бештигине Бразилия, Индия, Орусия жана Түштүк Африка кирет. Бирок Рейтерс илдет АКШнын жана Латын Америкасында тездик менен күчөп жаткандыгын белгилейт. Бул илдетке чалдыккандардын жарымынан көбү дүйнөнүн ушул бөлүгүндө жашайт жана коронавирус курмандыктарынын жарымын түзөт.

Айрыкча, дүйнө жүзү боюнча эң көп катталган учур АКШда. Мында алардын саны 3 миллион 900 миңден ашуун. АКШнын Президенти Дональд Трамп: Тилекке каршы, вирустун жайылышы боюнча статистика жакшыргандын ордуна начарлап жатат, деп эскертти.

Бүгүнкү күндө Бразилияда 2 миллион 150 миңден ашык адамдын, анын ичинде президент Жаир  Болсонаруну кошкондо COVID-19 тести оң натыйжа көрсөткөн. Ошондой эле, 81 миңден ашык адам аталган оорудан каза тапкан.

1,1 миллиондон ашуун коронавирус инфекциясы тастыкталган Индия өлкөсүндө күнүнө болжол менен 40 миңдей жаңы учур катталып жатат. Азыр өз экономикасын кайра ачууну көздөгөн бул өлкө эки тараптуу кыйынчылыкка туш болуп жатат: пандемия менен күрөшүү жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы ири суу ташкыны.

Түштүк Африканын Министрлер Кабинетиндеги эки министр COVID-19 диагнозу менен ооруканага жаткырылды. Жалпысынан бул өлкөдө  381 миң 700 учур тастыкталса, коронавирустун кесепетинен 5368 адам көз жумду.

Айрым өлкөлөр COVID-19 илдетинин жаңыдан тутанып жатканына байланыштуу жаңы чектөөлөрдү киргизүүдө

Испанияда дем алыш күндөрү суу жээктеринде эл көп чогулгандыктан, Барселона пляждарында эс алуучулардын санына чектөө коюлду.

Австралияда өлкөнүн экинчи чоң шаары Мельбурндун тургундары бүгүнкү күндөн тартып коомдук жайларда бет кап тагынып жүрүүгө милдеттүү болушту.

Ошол эле учурда, Кытай учуп келе турган жүргүнчүлөр учуудан мурун COVID-19 тестинин терс натыйжаларын көрсөтүшү керек, деп жарыялады. Анткени бийлик эл аралык каттамдардын көбөйүшүнө байланыштуу импорттолгон учурларды азайтууга аракет кылат.

 

Фото: 24.kz