ЕБ Борбордук Азия өлкөлөрүнө COVID-19га каршы күрөшүүгө көмөктөшөт

ЕБ Борбордук Азия өлкөлөрүнө COVID-19га каршы күрөшүүгө көмөктөшөт

ЕБ эпидемияга каршы күрөшүүдө Борбордук Азия чөлкөмүнө жардам берүүгө ниеттенүүдө. Аймакта саламаттык сактоонун улуттук тутумун туруктуу өнүктүрүү жана пандемияны калыбына келтирүү программасы түзүлдү. Борбордук Азиядагы COVID-19: каатчылыкты жоюу - долбоорунун алкагында 3 миллион евро бөлүнөт. ЕБдин өкүлчүлүгү бул жардамдын негизги бөлүгү Казакстанга багытталат деп мерчемдеген.

«COVID-19 пандемиясынын башталышы улуттук саламаттык сактоо тутумдарынын аялуу жактарын ачыкка чыгарды. Ал коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу жолдорун кайрадан карап чыгуу зарылдыгын көрсөттү. Ошондуктан, CACCR программасы алкагында азыркы учурда керектүү дары-дармектер жана медициналык шаймандарды жеткирүү менен катар лабораторияларды жана ооруканаларды келечекте мындай пандемияга даярдык көрүү иретинде жасалат», - деди Казакстандагы ЕБ өкүлү Свен-Олов Карлссон.

Программа үч этаптан турат. Биринчи кезекте жардамга эң муктаж адамдарга берилет. Кийинки этап - пандемиянын эң күчөгөн учуру өткөндөн кийин экинчи толкунга даярдыкка арналат. Акыркысы саламаттык актоо тутумун туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.

 

Фото: bureau.kz